Сынакка ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин окутуучулары Мамай уулу Жеңишбек жана Камил уулу Артур “Экологияны сактоо” номинациясы боюнча катышты. Алар “Таза аба” долбоору менен барып, 100 миң сом менен сыйланышты.Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурган бул иш чара жаштардын креативдүү жана инновациялык демилгелерин колдоого, алардын өлкөнү өнүктүрүүгө активдүү катышуусуна...
Кыргызстанда туризм чөйрөсүндө 129 миңге жакын чарба жүргүзүүчү субъект катталган
2024-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда туризм чөйрөсү менен байланышкан экономикалык ишмердикти жүргүзгөн 129 миңге жакын чарба жүргүзүүчү субъект (юридикалык жана жеке жактар) катталган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы эс алуучулардын саны 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 1,5 эсеге көбөйүп, 2,8 млн. адамды түзгөн, алардын ичинен туризмдин уюштурулган секторунда 1,8 млн. адам...
Кыргызстан менен Уругвайдын ТИМ башчылары өз ара пайдалуу кызматташуунун потенциалдуу багыттарын талкуулашты
Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында 27 сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Уругвайдын тышкы иштер министри Омар Паганини менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Министр Кулубаев Кыргызстан жүргүзүп жаткан көп багыттуу жана ачык тышкы саясатты белгилеп, Кыргызстандын Латын Америкасы өлкөлөрү менен мамилелерди...
Бишкекте Европанын белгилүү “Театрдагы тартип жана тартипсиздик” спектаклы коюлду
Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында 28-сентябрда Гаэтано Доницеттинин “Театрдагы тартип жана тартипсиздик” же Viva. La mamma! эки актыдан турган опера (комедия-фарс) болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Иш-чарага маданият министри Алтынбек Максутов, маданияттын кызматкерлери жана көрүүчүлөр катышты.Гаэтано Доницеттинин эң ийгиликтүү комикалык...
Бишкекте Snow Leopard Run жарым марафону өттү
Бишкекте 29-сентябрда бешинчи эл аралык кайрымдуулук жарым марафону Snow Leopard Run 2024 өттү. Иш-чара Ала-Тоо аянтында 4 миң 500 адамдын катышуусунда өттү. Жарыш 5 чакырым, 14 чакырым, 21,1 чакырым аралыктарды, ошондой эле 3 жаштан 13 жашка чейинки балдардын жарышын камтыды. Жарым марафондук маршрут борбордук көчөлөр аркылуу өттү.
Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы Азия Кубогуна жолдомо алды
20 жашка чейинки жаштар арасындагы 2025-жылкы Азия Кубогунун тандоо оюндарынын 3-турунун алкагында Кыргызстандын курама командасы Япония менен беттешти.Оюн 29-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Беттеш 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, Кыргызстандын командасы турнирдик жадыбалда 7 упай менен 2-орунду ээледи. Жыйынтыгында курама команда Азия Кубогуна жолдомо алды.Япония 7 упай менен 1-орунда, Түркмөнстан 3...
Бишкекте “Балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин Кубогуна” волейбол мелдеши өттү
Бишкекте "Газпром балдар үчүн" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде волейбол боюнча "Балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби СИ Кубогу" өттү.Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, мелдеш 23-сентябрынан 27-сентябрына чейин эркек балдардын командаларынын арасында өттү. Жыйынтыгында байгелүү орундарга ээ болгондор:Жеңүүчүлөр жана байге ээлери тийиштүү даражадагы кубоктор жана медалдар менен сыйланышты.
Бишкек мэриясы эске салат! Жашыл аянтка унаа токтоткондорго айып салынат
Бишкектеги айдоочуларга жашыл аймактарга унаа токтоткондугу үчүн айып пул салынары эскертилди.Мэриянын маалыматына караганда, эреже бузгандарга 5 500 сомдон 17 000 сомго чейин айып пул каралган. Жашыл аянтка унаа токтотуу экологияга зыян келтирип, шаарды жашылдандыруучулардын аракетин жокко чыгарат. Эске салсак, жашыл газондорго жана жашылдандырууга арналган жерлерге унааларын токтоткону үчүн 5 айдоочуга...
Садыр Жапаров Баткен облусунун Зардалы айылына барды
Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына барды.Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык жетишкендиктери тууралуу айтып берди.Ал алыскы аймактардагы калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана ири долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.Садыр Жапаров келерки жылдын жазында калктуу конушка баруучу жолдун курулушу башталаарын, андан соң Зардалыны электр энергиясы менен...
Кочкор-Ата шаарында “Нефтичи” стадионунун ачылышы өттү
Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарында толугу менен реконструкцияланган “Нефтичи” стадионунун ачылышы өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты. Спорт комплекси “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун балансында турат. Стадиондо профессионалдуу “Нефтичи” футбол командасы, ошондой эле 100дөн ашык жаш футболчу билим алган академия жайгашкан. Мындан тышкары “Нефтчинин” ар кандай курактагы үч балдар командасы бар, алар республиканын...
Бишкекте “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол компаниясы ачылды
Бишкекте "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жол компаниясы ачылды. Анын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Минкаб башчысы сөзүнүн башында Кытай Эл Республикасынын делегациясын Кытай Эл Республикасынын негизделгенинин 75 жылдыгы менен куттуктап, өлкөлөрдү байланыштырган темир жолдун маанисине токтолду. “Биз бул долбоорго абдан жогору баа берип, аны кылымдын курулушу деп атайбыз. Бул...
Президент Жалал-Абадда мунайды кайра иштетүүчү заводду модернизациялоого “мезгил кутусун” салды
Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү “Кыргыз Петролеум Компани” заводун модернизациялоого “мезгил кутусун” салуу иш-чарасына катышты.“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому менен “ПетроКыргызстан” (Джерси) жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда “Кыргыз Петролеум Компани” биргелешкен ишканасын түзүү боюнча келишим түзүлгөнү белгиленди. “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик...