Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова "Снэк Фудс" ишканасында жаштардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү талкуулады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.Талкуу Эмгек министрлигинин башчысынын Борбор Азиядагы алгачкы кыска мөөнөттө сакталуучу нан азыктарын чыгаруучу “Снэк Фудс” ишканасына (Toyboss сэндвичтери) болгон иш сапарынын алкагында болду.Директор Бакай Орумбаев Кара-Кыргыз автономиялуу...
Кыргызстан Түркмөнстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүүдө
Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев 10-11-сентябрь күндөрү Ашхабадда өткөн Түркмөн инвестициялык форумуна катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган форумдун алкагында Кыргызстандын Түркмөнстандагы Элчилигинин көмөгү менен экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаевдин Түркмөнстандын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт жана коммуникациялар агенттигинин башкы директору Мамедхан Чакыев,...
Уюлдук телефондун кубаттагычын электр тогунда калтырбаңыз! ӨКМдин кеп-кеңеши
Кадимки уюлдук телефонуңуздун кубаттагычы өрттүн келип чыгышына алып келиши толук мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир катар кеп-кеңештерди берип, төмөндөгү жөнөкөй эрежелерди так сактоого чакырат:- Уюлдук телефондун кубаттагычын токко сайган бойдон калтырбаңыз. Эсиңизде болсун, техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам электр кубаты кескин жогорулап кетиши мүмкүн. Бул кубаттагыч ысып, түтөп өрттөнүшүнө алып келет;- Заманбап...
Бишкекте балдардын Кардиохирургиялык борборунун курулушу башталды
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча улуттук изилдөө институтунун базасында 13-сентябрда балдардын Кардиохирургиялык борборунун курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Борбор балдардын тубаса жана пайда болгон жүрөк ооруларын диагностикалоого жана хирургиялык дарылоого адистешет. Имарат беш кабаттуу болуп, 75 адамга ылайыкташкан. Долбоордун жалпы суммасы 375 млн сом. Ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында...
Бишкекте жеке жылуулук пункттарын модернизациялоо иштери уланууда
“Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун алкагында, ошондой эле күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Бишкектеги элеватордук түйүндөрдү модернизациялоо уланууда.Жалпысынан 1825 жылуулук түйүндөрүн жаңылоо пландаштырылууда, бул Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн кыйла жакшыртат. Бүгүнкү күндө 1390 жылуулук түйүнү жаңыланды. Модернизациялоодо заманбап автоматтык жабдуулары жана эсепегич приборлор орнотулуп,...
Бишкекте ColorFest боёк фестивалы өтөт
Бишкекте 15-сентябрда музыкалык ColorFest боек фестивалы өтөт. Иш-чара "Томми Молл" соода-борборунда саат 14:00дө башталат. Кирүү акысыз. Иш-чаранын уюштуруучулары билдиришкендей, фестивалдын программасы: ата мекендик топтордун, ди-джейлердин, бий жана чыгармачыл топтордун, ырчылардын, битбоксчулардын жагымдуу аткаруулары, ошондой эле биргелешкен боёк ыргытуу, түстүү таймаш, оюндар, эркин жана көңүлдүү атмосфера кирет.
Эмгек министри “Бек Кабель” ишканасын кадрлар менен камсыз кылуу маселесин талкуулады
Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.Жолугушуунун темасы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата ачылган 100 ишкананын биринде кадрлар менен камсыз кылууга көмөктөшүү болду.“Заводдо 64 адам иштейт, орточо айлыгы 30-35 миң сом. Ишкана эмгек рыногунда талап кылынган адистерге муктаж (волочильщик, опрессовщик, скрутчик, перемотчик, ширетүүчү, электрик, светомеханик ж.б.). Завод электр...
Быйыл Кыргызстанда кант кызылчасынын түшүмү рекорддук деңгээлге жетиши күтүлүүдө
Быйыл кант кызылчасынын түшүмү рекорддук деңгээлге жеткени турат. Буга жагымдуу аба-ырайы, айыл чарбасындагы ресурстарды туура пайдалануу жана фермерлердин аракети өз жемишин берүүдө. Республикабыздын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында 2024-жылы республика боюнча 13,5 миң га аянттагы кант кызылчасынан жалпы – 900 миң тонна түшүм күтүлүүдө. Мунун ичинен 110,0 миң тоннага чейин кумшекер...
Кыргызстан менен Россия биргелешкен индустриалдык парк түзөт. Меморандумга кол коюлду
Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөн Кыргыз-Орус форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен «Жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү инновациялык индустриалдык парк – Технопарк “Технополис “Химград” акционердик коомунун ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.Меморандумдун максаты – Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүштү локализациялоого арналган биргелешкен кыргыз-орус индустриалдык же технологиялык паркты түзүү жана өнүктүрүү үчүн тараптардын...
Бишкек ЖЭБде алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери уланууда
2024/2025-жылдын жылытуу мезгилин ийгиликтүү аяктоо жана Бишкек шаарын жылуулук, электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыздоо максатында ЖЭБде пландуу оңдоо иштери, анын ичинде жабдууларды, имараттарды жана курулуштарды оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө №23 от казан агрегатын капиталдык оңдоо иштери аяктап, №11 турбоагрегатты капиталдык оңдоодон өткөрүү аяктоо стадиясында, ал эми №5...
Шектүү шилтемелер менен этият болуңуз-кредиттик алдамчылыктан кантип сактанса болот
Акыркы учурда, шылуундар жеке маалыматтарды уурдоо жана ишенимдүү колдонуучулардын атынан ири суммадагы насыя алуу үчүн жасалма шилтемелерди колдонуп жатышат.Шылуундар жасалма веб-сайттарды түзүшөт же шилтемени аткарууну суранган жасалма билдирүүлөрдү жөнөтүшөт. Мындай сайттарга киргенден кийин, жабырлануучулар расмий каржы институттары же кызматтары сыяктуу баракчаларга түшүшөт. Бул баракчаларда колдонуучулар адашып, жеке маалыматтарын, анын ичинде...
Бишкекте троллейбус жана автобустарды текшерүү боюнча рейд жүрүүдө
Адистер санитардык нормалардын сакталышын, транспорттун техникалык абалын, айдоочулар үчүн жарактуу талондордун бар-жогун, ошондой эле төлөм ыкмаларын, анын ичинде QR-код аркылуу төлөмдөрдү текшеришет. Мындан тышкары, окуу жылынын башталышына байланыштуу жол кыймылынын интервалдары жана жүргүнчүлөрдү ташуу көзөмөлгө алынууда.