Сентябрь 2024 – 42 барак – ИА Караван Инфо

Төрага Нурланбек Шакиев Кытайга расмий сапар менен жөнөп кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандагы иш сапарын аяктап, Кытай Эл Республикасына расмий сапар менен жөнөп кетти.Расмий сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин (Парламент) Төрагасы Чжао Лэцзи, Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин Улуттук комитетинин Төрагасы Ван Хунин баштаган жетекчилер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.Кошумчалай...

Бишкектин бир бөлүгүндө 19-сентябрда суу убактыуу өчүрүлөт

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы “Аэропорт” суу алгычындагы суу алгычта оңдоо иштерин пландоодо. Ага байланыштуу 19-сентябрда шаардын белгилүү бир бөлүгүндө саат 10:00дөн 15:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.  Ошентип, суу төмөнкү даректерде өчүрүлөт: - Ч.Айтматов проспектиси, 93/1, 93/2, 93/3, 93/4, 93/5, 93/6; - Токтоналиев көчөсү, 139/3,...

Кыргызстан менен Өзбекстан эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Тараптардын жолугушуусу Өзбекстандын Хива шаарында өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекеттеринин II парламенттер аралык форумунун алкагында 12-сентябрда өткөн. Жолугушууда боордош эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.Алгач Төрага...

Кыргызстанда биринчи жолу көзү азиз көрүүчүлөр үчүн тифлокомментарийлер менен 4 тасма иштелип чыкты

Кыргызстанда биринчи жолу көзү азиз көрүүчүлөр үчүн тифлокомментарийлер менен 4 тасма иштелип чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 12-сентябрда “Ч.Айтматов атындагы кино үйү” Республикалык мекемесинде “Чексиз Кино” Инклюзивдик кинофестивалынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.Долбоордун уюштуруучусу “Феномен” коомдук фонду. Долбоор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат,...

ОшМУда залкар обончу Рыспай Абдыкадыровдун музейи ачылды

Педагогика, искусство жана журналистика институтунда Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун музейи оңдолуп, санариптешип, пайдаланууга берилди.Иш-чарага ректор Кудайберди Кожобеков, окутуучулар, Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын жетекчиси Алишер Тоотаев, обончунун кызы Сюита Абдыкадырова жана замандаштары, шакиреттери катышты.Заманбап жасалгаланып, санариптешкен музейде аудио-гид иштейт. Келген коноктор улуу талант жөнүндө маалыматты...

Акылбек Жапаров менен Алексей Оверчук эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун эки тараптуу жолугушуусу болду.“Кыргыз-орус мамилелери абдан жогорку деңгээлде экенин белгилеп кетүү жагымдуу. Эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык кызматташтыктын олуттуу активдешүүсү байкалууда. Бүгүнкү форумда айтылган сөздөр жана көрсөткүчтөр буга далил. Мындан эки ай мурда Красноярск шаарында соода-экономикалык,...

Садыр Жапаров Вьетнамдын президентине тайфундун кесепетинен курмандыктар болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Вьетнам Социалисттик Республикасынын президенти То Ламга “Яги” тайфунунун кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.“Вьетнамда “Яги” тайфун апаатынан көптөгөн адамдар каза болду жана жаракат алды деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза...

Бишкекте көмүр саткандарга карата рейд өткөрүлдү

Бишкекте көмүр саткандарга карата  рейд өткөрүлдү, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, муниципалдык инспекциянын башчысы Медербек Амангелдиев инспекторлор менен биргеликте көмүр саткандарга карата  тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча мурда берилген көрсөтмөлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөө үчүн объектилерди кайрадан текшерип чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө берилген көрсөтмөнү аткарбаган көмүр сатуучуларга протокол түзүлдү. Кыргыз Республикасынын...

Кайра жаралуучу энергия булактары боюнча үч инвестициялык долбоорлорду каржылоо жактырылды

Кайра жаралуучу энергия булактары боюнча үч инвестициялык долбоорлорду каржылоо жактырылды. Анын жалпу суммасы 80 млн. АКШ долларынан ашат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, экономика жана коммерция министри, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) кеңешинин мүчөсү Данияр Амангельдиев РКӨФ кеңешинин 19-жыйынына катышты.Жыйындын жүрүшүндө 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча отчет бекитилип,...

Кыргызстанда түстүү жана баалуу металлдар боюнча жаңы прогноздук-металлогендик карталар түзүлдү

КМШ өкмөттөр аралык кеңешинин 27-отурумунда Кыргыз геологиялык кызматы Кыргызстанда жүргүзүлгөн металлогендик изилдөөлөр жана минерализациянын локалдык болжолдору боюнча такталган маалыматты сунуштады. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары, Кыргыз геологиялык кызматынын директору Нарынбек Сатыбалдиев түстүү жана баалуу металлдар...

Жашыл энергетика: Кыргызстанда биринчи шамал станциясынын курулушу башталды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан анча алыс эмес жерде Кыргызстандагы биринчи шамал электр станциясын «Кыргыз шамал системасы» ААК компаниясы куруп жатат. Башкы директор Асан Садыков 2017-жылдан бери жердин рельефи, шамалдын абалы боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, энергияны эффективдүү өндүрүү үчүн жабдуулар тандалып алынганын билдирди. Компания эки участокту 49 жылга ижарага алган, анда кубаттуулугу...

Караганды колониясында суицидтин алдын алуу боюнча тренинг өткөрүлдү

10-сентябрь, Бүткүл дүйнөлүк суицидди алдын алуу күнүн утурлай, Карагандадагы No33 колонияда абактагылар үчүн атайын окуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын ички иштер органдарынын медиа борбору билдирди Психологдор соттолгондор менен позитивдүү ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жана жагымдуу психологиялык атмосфера түзүүгө багытталган бир катар көнүгүүлөрдү жана талкууларды өткөрүштү. Тренингдин катышуучулары кетирген каталарына карабастан,...

error: