Сентябрь 2024 – 45 барак – ИА Караван Инфо

Казакстан менен Азербайжан укуктук тармакта кызматташууну тереңдетүүдө

Түрк мамлекеттеринин юстиция министрлер кеңешинин биринчи жыйынынын алкагында Казакстан менен Азербайжандын юстиция министрлеринин эки тараптуу жолугушуусу болду. Тараптар укуктук кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн талкуулап, Түрк мамлекеттеринин уюмунун катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө платформасы катары маанилүүлүгүн баса белгилешти. Казакстандын юстиция министри Азербайжан менен эки тараптуу мамилелердин азыркы деңгээлине канааттангандыгын билдирип,...

Казакстанда социалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу

Казакстан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги атайын социалдык кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган буйруктун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Жаңы документ мындай кызматтарды көрсөткөн уюмдардын кызматкерлери үчүн милдеттүү талапты белгилейт: алардын кесиптик квалификациясын тааныган документтин болушу. Бул жаңычылдык социалдык коргоо тармагында иштеген адистердин кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатууга, натыйжада социалдык...

Казакстан Республикасынын Конституциялык соту сот арачылары жөнүндө талаштуу нормаларды карайт

Казакстандын Конституциялык соту соттук териштирүүгө сот арачыларынын катышуусуна байланыштуу Жазык-процесстик кодексинин айрым жоболорун талашкан жарандын арызын кароого кабыл алды. Арыз ээси сот арачылары келбей калган же соттук териштирүүгө катышууну уланта албаган учурда аны алмаштыруунун эрежелери Конституцияга каршы келет деп эсептейт. Тактап айтканда, ал сот арачыларын кызматтан четтетүү боюнча чечим кабыл...

Акылбек Жапаров Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директорунун орун басары Бо Ли менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директорунун орун басары Бо Ли менен жолукту.Жолугушууда тараптар макроэкономикалык абалды, андан тышкары энергетика тармакта жана климаттын өзгөрүшү боюнча кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.Минкаб төрагасы республиканын учурдагы макроэкономикалык абалына кеңири токтолуп, салыктык башкарууну жакшыртуу сыяктуу бир катар координацияланган иштердин натыйжасында акыркы үч...

Кыргызстанда жакында дагы 16,3 миңден ашуун батирдин курулушу башталат

Быйыл колдонууга бериле турган объекттеги батирлердин ички ремонту кандай жүрүп жаткандыгын көрүп, колдонулуп жаткан курулуш материалдардын сапатына да баа беришти. Көп кабаттуу үйлөр монолит технологиясын колдонуу менен курулуп жатат. Монолит технологиясы курулуш жаатында бекем болуп, сейсмикалык жактан туруктуулугу да жогору болуп эсептелет. Белгилей кетсек, тиешелүү мекемелер курулуштун сапатына өзгөчө көңүл...

Юнусалиев көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө: эки кесилишти жабуу пландалууда

Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.Мэриядан билдиришкендей, 12-сентябрда Юнусалиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишин унаа кыймылы үчүн жаап, 13-сентябрда ачуу пландалууда. Кошумчалай кетсек, 13-сентябрда Юнусалиев-Медеров көчөлөрүнүн кесилиши жабылып, 14-сентябрдан тарта ачылат. Белгилей кетсек, 14-сентябрда Юнусалиев көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин унаа кыймылы үчүн ачылат.

ОшМУда койлордун эт-май багытындагы жаңы тукуму изилденүүдө

Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) койлордун эт-май багытындагы жаңы тукуму изилденүүдө. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда чыгарылып жаткан койлордун жаңы “Ала тоо” породасынын кочкорлорунан жасалма урук алынып, сапаты текшерилди. Аны менен бирге кочкорлордун даярдыгы аныкталды. “Койлорду жасалма уруктандыруу жана куут сезонуна даярдоо” аталышындагы окутуу Ош мамлекеттик университетинин “Молекулярдык...

Акылбек Жапаров чет элдик компанияларынын өкүлдөрү менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун чет элдик Fitch Ratings Inc. компаниясынан Елена Гриндстафф жана Oppenheimer & Co. Inc. компаниясынан Константин Деркачев баштаган өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.   Жолугушууда Акылбек Жапаров Fitch, Moody's жана Standard & Poor's сыяктуу эл аралык рейтингдеги агенттиктердин ролунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал бул агенттиктер экономикалык туруктуулукту гана...

Бишкекте 13-сентябрда ачык асман алдындагы концерт өтөт

Бишкекте 13-сентябрда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисттери, хор артисттери жана симфониялык оркестр коштогон ачык асман алдындагы концерт өтөт. Башталышы саат 18:00.Шаар тургундары жана коноктору үчүн дүйнөлүк опера классикасы жана кыргыз композиторлорунун чыгармалары жаңырат.  Дирижерлор – КР Эл артисти Жумакадыр Каниметов жана Захар Бутенко. Режиссёру –...

Бишкекте Аким Турганбаевдин жеке көргөзмөсү ачылат

Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейинди 12-сентябрда Аким Турганбаевдин жеке көргөзмөсү ачылат. Башталышы саат 15:00дө. Музейден кабарлашкандай, көргөзмөдө автордун живопистүү жана графикалык эмгектери тартууланат.Аким Турганбаевдин графика жана живопись чыгармаларындагы көркөм образдар кыргыз элинин этнографиялык кабылдоосун, каада-салтын жана тарыхын, дүйнө жүзүнүн, жаратылыштын жана адам баласынын сулуулугун жана кайталангыс сезимин чагылдырып келет.Сүрөтчүнүн көптөгөн сюжеттик...

Тагжана Айдаралиева: Мектеп үчүн профилдик билим берүү деген эмне?

Билим берүү жана илим министрлигинин медиа-консультанты Тагжана Айдаралиева “Караван-Инфо” редакциясына 12 жылдык билим берүүдөгү атайын билим берүү кандай болоорун айтып берди. - Бул - буга чейин окуучулар кыялданып келген нерсе. Мектептин жогорку: 10-11-12-класстарында окуучулар келечек кесибине керектүү негизги предметтерди тандай алышат. Балдар тандап алган предметин терең үйрөнүп, жогорку окуу жайларына тапшырууга жакшы...

Тогызкумалак стратосфераны багындырды

Казактын интеллектуалдык оюну тогызкумалак жаңы бийиктикке жетти. V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында бул байыркы оюндун тактасы 28 324 метр бийиктикке көтөрүлүп, 108 чакырым учуп өттү. Температура -55°Сге чейин төмөндөгөн стратосферанын экстремалдык шарттары тогызкумалактын күчүн жана популярдуулугун көрсөтүүгө тоскоол болгон жок. Республикалык Тогызкумалак федерациясынын президенти Алихан Байменов белгилегендей, бул иш-чара азыркы...

error: