Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Акордо резиденциясында жети мамлекеттин элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Дипломаттардын курамына Испания, Эстония, Өзбекстан, Судан, Руанда, Доминикан Республикасы жана Маврикийдин өкүлдөрү кирди. Токаев дипломаттарга кайрылып, Казакстандын тынчтыкчыл тышкы саясатын, эл аралык кызматташууга жана БУУнун Уставына берилгендигин баса белгиледи. Мамлекет башчысы эки тараптуу мамилелердин жана көп тараптуу...
Казакстан менен Түркия укуктук кызматташтыкты тереңдетүүдө
9-сентябрда Астанада Казакстан менен Түркиянын юстиция министрлеринин жолугушуусу болду. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы укуктук кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл жарандык иштер боюнча юридикалык жардам көрсөтүүгө, соттун чечимдерин өз ара таанууга жана аткарууга, ошондой эле электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүүгө бурулду. Атап айтканда, тараптар Казакстан менен Түркиянын ортосундагы жарандык иштер боюнча...
Кыргызстан «халал» продукциясын экспорттоону күчөтүп, Малайзияга соода миссияларын уюштурат
Бишкекте КР Экономика министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» борбору менен Малайзиянын элчиси Ильхам Туах Иллиас мырзанын жолугушуусу болуп өттү.Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө соода, финансы жаатындагы негизги маселелер, ошондой эле тамак-аш азыктарын кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишканаларды ачуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.Тараптар Кыргыз ишканаларынын Малайзияга соода миссияларын уюштуруу жана Куала-Лумпурдагы көргөзмөлөргө катышуу пландарын талкуулап,...
Бишкекте «Равза» ашканасынын кошулма курулушу алынууда
Садыр Жапаров “Ас-Сафа” Кувейт кайрымдуулук фондунун төрагасын кабыл алды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда “Ас-Сафа” Кувейт кайрымдуулук фондунун төрагасы Мохаммад Абдурахман Альшаяны кабыл алды.Жолугушуунун жүрүшүндө гуманитардык жана социалдык тармактардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.Мамлекет башчысы “Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмесинин Кыргызстандагы билим берүү, социалдык жана кайрымдуулук долбоорлорун колдоого багытталган ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.Садыр Жапаров социалдык жана билим берүү объектилерин курууда,...
Төрага Нурланбек Шакиев Өзбекстанга иш сапары менен жөнөп кетти
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагаларынын кезектеги форумуна катышуу үчүн Өзбекстандын Хива шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган форумда коңшу өлкөлөрдүн парламенттер аралык байланышын чыңдоо маселелери талкууланары күтүлүүдө. Ошондой эле төрага иш-чаранын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт. Эскерте кетсек, төрага баштаган...
Садыр Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Кыргызстанга иш сапары менен келген Жамааттык коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды.Регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле Уюмдун алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.Мамлекет башчысы Балыкчы шаарында Имангали Тасмагамбетов байкоо салган ЖККУнун Жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрү менен...
КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин эл аралык оюндары: бишкектик машыктыруучулар 5 медалга ээ болушту
Ысык-Көлдө КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн XXIII Эл аралык Ысык-Көл спартакиадасы өтөт. Мелдештер 2024-жылдын 4-сентябрынан 12-сентябрына чейин спорттун 24 түрү боюнча өтөт. XXIII оюндарга КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнөн жалпысынан 3 миңдей спортчу катышат. Оор атлетика боюнча Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинтн машыктыруучулары гира көтөрүү боюнча катышып, 5 медалга ээ болушту:...
Кыргызстанда КНСти башкарууда жана эсеп-фактураны колдонуу тартибине өзгөрүүлөр киргизилди
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө кошумча нарк салыгын (КНС) башкарууга жана эсеп-фактураны колдонуу тартибине бир катар өзгөртүүлөр киргизилгендигин маалымдайт.Тактап айтканда, КРнын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 528 токтомуна ылайык, жеткирүүдө жана импорттоодо КНСти төлөөдөн бошотулган дары каражаттарынын, медициналык буюмдардын, ошондой эле дары каражаттарын өндүрүүдө пайдаланылуучу баштапкы материалдардын мурда бекитилген Тизмеги күчүн жоготту.Мындан сырткары, КРнын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 512...
Казакстандагы өнөр жай долбоорлоруна мониторинг системасын жаңылоо
Казакстандын Өнөр жай жана курулуш министрлиги бирдиктүү индустриялаштыруу картасына киргизилген долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүүгө багытталган жаңы буйруктун долбоорун сунуштады. Бул өзгөртүүлөрдүн максаты - өнөр жай долбоорлорунун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды чогултуунун жана талдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу. Жаңыртылган маалымат чогултуу формасы прогрессти так көзөмөлдөөгө жана мүмкүн болгон көйгөйлөрдү эрте аныктоого...
Мамлекеттик органдар Бишкекте ишембилик өткөрөт
Мамлекеттик органдар Бишкек шаарынын бардык райондорунда бир катар ишембиликтерди өткөрүшөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чаранын негизги максаты коомдук жайларды, сейил бактарды жана аянттарды таштандыдан тазалоо.Ишембиликке 2 миңден ашык адам, тактап айтканда, президенттин администрациясынын кызматкерлери, министрликтер менен ведомстволор, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышат.
Элчи Казакбаев Түркиянын Соода палаталары жана биржалар биримдигинин төрагасы менен жолугушту
Кыргызстандын Түркия Республикасындагы элчиси Руслан Казакбаев күн мурун Түркиянын Соода палаталары жана биржалар биримдигинин (TOBВ) төрагасы Рыфат Хисаржыклыоглу менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн бир катар негизги маселелери талкууланып, егизги көңүл Кыргыз Республикасына түрк инвестицияларын тартуу, жаңы технологияларды...