Билим берүүнү аккредитациялоо боюнча Борбордук Азия Ассоциациясынын (CAAAE) курамына кирген Казакстандын Билим берүүнү аккредитациялоо агенттиги Европалык билим берүүнү аккредитациялоо тармагынын (ENAEE) абройлуу сыйлыгы менен сыйланды. Биринчи ENAEE Authorized Agency Award 2024 конкурсу CAAAEди дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан келген 20дан ашык агенттиктердин арасында эң мыкты уюм деп тааныды. Казакстанда инженердик билим...
Ысык-Көлдө КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин эл аралык спорт оюндары өтүүдө
Ысык-Көлдүн көгүлтүр жээгинде КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин XXIII Эл аралык Ысык-Көл спартакиадасы өтүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Мелдештер 2024-жылдын 4-сентябрынан 12-сентябрына чейин спорттун 24 түрү боюнча өткөрүлөт. Бул жылы оюндар “Азия – шериктештиктин жана тынчтыктын аймагы” деген ураан астында өтүүдө. Белгилей кетсек, оюндар 2001-жылдан бери...
Бишкектик спортчулар бокс боюнча Азия чемпионатында медалдарга ээ болушту
Күжүрмөн спорттун олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында медалдарга ээ болушту. Мелдеш 2024-жылдын 28-августунан 9-сентябрына чейин Абду-Дабиде (БАЭ) 2008-2009-жылы туулган жаштар жана 2010-2011-жылы туулган өспүрүмдөр арасында өттү. Мектеп окуучусу Арваз Ахмади 66 кг салмакта күч сынашып, Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Кыргызстандык 1/4 финалдан...
Бишкектик оор атлетчи АКШда өткөн эл аралык турнирде жеңишке жетти
Белгилей кетсек, сынак 2024-жылдын 29-августунан 1-сентябрына чейин Форт-Уэртте (АКШ) өткөн. ...
ЖК төрагасы окуучуларды таңкы саат 07:30 окутуу маселесин кайрадан карап чыгууну талап кылды
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар борбор калаадагы мектеп окуучуларын таңкы саат жети отуздан, ал эми студенттерди саат ондон баштап окутуу тууралуу мэриянын чечимин сынга алышты. Төрага Нурланбек Шакиев депутаттар тарабынан көтөрүлгөн бул маселе өтө маанилүү экенин, аталган жагдай боюнча жарандардан да көптөгөн кайрылуулар келип жатканын белгиледи.“Жаш балдарды жетиде окууга жөнөтүш...
УКМК өлкөдөгү ЖОЖдордун биринен коррупциялык схеманы аныктады
Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын бириндеги коррупциялык схема жоюлду, деп билдирет Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, 9-сентябрда КР УКМК тарабынан Ош шаарындагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин (КУМУ) финансы-экономика факультетинин деканы Ш.Ш.О. мамлекеттик экзамендерди тапшырууда студенттерден системалуу түрдө опузалап акча талап кылгандыгы үчүн кармалды.Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган...
Садыр Жапаров бокс боюнча өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасановго унаа белек кылды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда бокс боюнча өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов менен жолугуп, Мунарбек Сейитбек уулунун жеңишине кошкон салымы үчүн ага ыраазычылык иретинде унаа белек кылды.Мамлекет башчысы Акмаль Хасанов менен болгон баарлашууда анын бул жасаган кадамы Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин достугун жана биримдигин даңазалаганын баса белгиледи.“Дүйнө жүзү Борбор Азия элдеринин ынтымагына,...
Япония жана БУУӨП БАдагы шаарларды климаттык тобокелдиктерге туруктуураак кылуу үчүн жаңы демилге көтөрүп чыкты
2024-жылдын 11-августу – Япония Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) “Борбордук Азиядагы табигый кырсыктардын коркунучуна жана климаттын өзгөрүшүнө шаарлардын туруктуулугун жогорулатуу” аттуу жаңы биргелешкен долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу БУУӨПтөн билдиришти. Долбоордун бюджети 4,9 миллион АКШ долларын түзөт.Кол коюу аземи Казакстандын Астана шаарында өттү. Долбоор...
Аида Касымалиева БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүл Аида Касымалиева БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун, 10-сентябрда БУУнун штаб-квартирасында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын биринчи жыйыны өттү."Бул жыйынды БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасы болуп шайланган Камерундук Филемон Янг алып барды. Ал эми...
Жээнбек Кулубаев Бангладештин элчиси менен жолугушту
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бангладештин Кыргызстандагы элчиси Мухаммад Ислам Монирул (резиденциясы Ташкент шаарында жайгашкан) менен жолугушту. КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 11-сентябрда Бишкекте болгон.Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташуунун жаңы багыттарын изилдөөгө умтула тургандыгын ырасташты.
Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практика борбору медициналык кызматтардын спектрин кеңейтти
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практика борбору (ЖДПБ) өзүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана аталган медициналык кызматтардын спектрин кеңейтүү менен өнүгүүлөр улантылууда. Бул тууралуу Милдеттүү медициналыу камсыздандыруу фондунан (ММКФ) билдиришти. Маалыматка ылайык, борбордун башкы дарыгери Орозбек Муратов ММК фондунун төрагасы Азамат Муканов менен жолугушууда борбордо жүргүзүлгөн масштабдуу модернизациялоо жөнүндө айтуу менен...
Алтын-Ордо конушунда жаңы жол пайда болду
Бишкектин Алтын-Ордо конушунда жаңы жол пайда болду, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы. Эми № 98 орто мектептин окуучулары ыңгайлуу шартта жана эң негизгиси коопсуз мектепке жете алышат.Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадасы Алтын-Ордо конушунун 14-көчөсүнүн жолуна 1-көчөдөн 9-көчөгө чейин ысык асфальттын экинчи катмарын төшөп жатат. Белгилей кетсек, асфальт төшөө иштери аяктагандан...