Бишкекте жолду капиталдык оңдоо боюнча жумуштар уланууда, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, 28-сентябрдан тарта Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилиши асфальт басуу үчүн жабылды. Кесилиш 29-сентябрда кечинде ачылат.
Президент ЖАМУнун жаңы окуу корпустарын ачты
Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаңы административдик жана окуу корпустарынын ачылыш аземине катышты.2024-жылы 3 кабаттуу, 1500 орундуу, жалпы аянты 4580 чарчы метрлик окуу корпусунун курулушу аяктаган.Мындан тышкары, 2080 чарчы метрлик 3 кабаттуу административдик имараттын курулушу аяктады. Жаңы корпустар заманбап компьютердик...
Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 33,3% өстү
Бишкекте 26-сентябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкуловдун Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин чет өлкөлүк капиталды пайдалануу жана инвестицияларды чет өлкөлөрдө берүү боюнча департаментинин директорунун орун басары Чжан Цзяньхуа баштаган делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү.Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда тараптар өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн...
Акылбек Жапаров креативдүү экономика боюнча Глобалдык кеңешинин эксперттери менен жолугушту
Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров креативдик экономика боюнча Глобалдык кеңешинин эксперттери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. «Уникалдуу жаратылыштын кооздугу адамдын жүрөгүнүн жылуулугу менен айкалышкан, адамдык капиталдын байлыгы өзгөчө атмосфераны түзгөн креативдүү экономика жаңы идеяларга шыктандырган өлкө – Кыргызстанга кош келиңиздер”, - деп жолугушууну баштады...
Бишкек мэриясы тажрыйбалуу айдоочуларды жумушка чакырат
«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы жооптуу кызматкерлерди өз командасына чакырат.Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, 21 жаштан 63 жашка чейинки тажрыйбалуу айдоочулар керек.Милдеттүү талап – “D” категориясы бар айдоочулук күбөлүк жана 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.Кошумча маалымат алуу үчүн 0312 531 789 телефон номерине кайрылыңыз.
Президент жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барат
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда Жалал-Абад облусуна жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын маалыматына карганда, мамлекет башчысы мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушуна мезгил кутусун салууга, ошондой эле бир катар социалдык объектилердин ачылышына катышат.
Бишкекте көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы тапшырылды
Бишкек шаарынын райондорунда президенттин атынан көп балалуу энелерге "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти Ошентип, Свердлов акимиатында район башчысы сыйлыктар менен жылуу куттуктап, 16 энеге "Баатыр эне" орденин, 12 энеге "Эне даңкы"медалын тапшырды. Октябрь районунда башчынын биринчи орун басары салтанаттуу түрдө...
ОшМУда “Студенттик практика жана каржылык өнүгүү” борбору ачылды
Экономика, бизнес жана менеджмент институтунда “Студенттик практика жана каржылык өнүгүү” борбору ачылды.Ага Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, “Финка Банктын” Оштогу филиалынын директору Улан Айткурманов, окутуучулар жана студенттер катышты.Бул жайдан студенттер теориялык жана практикалык негизде билим алышат. Ошондой эле банк системасын өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ачылыш аземде ректор Кудайберди Кожобеков буларга токтолду: “Бул...
Кыргызстанда мамлекеттик Соода компаниясы түзүлдү. Максаты
Министрлер кабинетинин буйругу менен уставдык капиталына мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен Соода компаниясы түзүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирет. Компаниянын уюштуруучусу КР Экономика жана коммерция министрлиги болуп саналат.Аталган компания Кыргызстандын аймагына товарлары түшпөгөн кыргыз компаниялары катышкан соода агымдарына мониторинг жүргүзүү максатында түзүлгөн.Ушуга байланыштуу, бул компанияны түзүү жогоруда белгиленген соода ишин тартипке...
“Асман Эйрлайнс” учагы Бишкек-Ош каттамын ийгиликтүү аткарды
“Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Бишкек–Ош багыты боюнча алгачкы каттамын аткарып, 80 жүргүнчү учуп кетти. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти. Билеттин минималдуу баасы 3300 сомду түзөт, ал эми акыркы 5 орунга атайын тарифтер сунушталат:Учак жүргүнчүлөргө толуп, авиабилеттерге болгон суроо-талаптын көптүгүнө байланыштуу Казарман, Раззаков жана Талас багыты боюнча каттамдарга авиабилеттерди...
Эмгек министрлиги Улуттук квалификациялык кеңештин 4-отурумун өткөрдү
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Улуттук квалификациялык кеңештин 4-отурумун өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Отурум КР министрликтеринин жана ведомстволорунун, Кесиптик бирликтеринин, Соода өнөр жай палатасынын, ошондой эле бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.Отурумдун жүрүшүндө эмгек министринин биринчи орун басары Мухтар Баймурзаев бекитилген кесиптик стандарттардын негизинде эмгек рыногунун керектөөлөрүн чагылдырган актуалдуу окуу программаларын жана...
Бишкекте издөөдө жүргөн УКТнын активдүү мүчөсү кармалды
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш кылып качып кетип издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармашты.Бишкек шаарынын аймагында ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМдин ыкчам каттоосунда Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турган, Жалал-Абад облусунун тургуну 1984-жылы туулган О.Э. аттуу жаран кармалды.Кармалган жаран өзгөчө оор кылмышты...