Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын өнүктүрүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин чет элдик капиталды пайдалануу жана чет өлкөлөрдө инвестицияларды камсыздоо департаментинин директорунун орун басары Чжан Цзяньхуа менен жолугушту. «Биз жана кытайлык өнөктөштөр Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан...
Ысык-Көлдө 31,2 чакырым эскирген 0,4 кВ зымдары заманбап СИП зымдарына алмашты
Кардарларга сапаттуу электр жарыгын берүү максатында Ысык-Көл облусунда эскирген электр зымдарын реконструкциялоо иштери улантылууда. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, реконструкциянын алкагында 2024-жылдын 8 айында 31,2 чакырым 0,4 кВ эскирген алюминий зымдары жаңы заманбап СИП зымдарына алмашылды.Ушул жылдын октябрь айынын аягына чейин дагы 22,3 чакырым СИП зымдары орнотулат. Жалпысынан облус боюнча...
ЖКККББ Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата сынак жарыялайт. Шарттары
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата жол эрежесине кайдыгер карабаган чыгармачыл, мекенчил жарандар арасында сынак жарыялайт.Сынакта жарандарды жол эрежелерин сактоого чакыруу, жалпы жол кыймылынын катышуучуларынын (айдоочулардын, жөө жүргүнчүлөрдүн) арасында жолдо жүрүү маданиятын, сый-урматын калыптандыруу жана жол кырсыгы катталган учурда жарандарыбыз кайдыгер болбой, бири-бирине көмөк көрсөтүүгө үндөгөн...
Легендарлуу парламенттин депутаты Бегиш Аматов дүйнө салды — некролог
Кыргызстан эли орду толгус оор жоготууга учурады. Легендарлуу парламенттин депутаты, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Бегиш Аматов 2024-жылдын 26-сентябрында 75 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти. Бегиш Аматов 1949-жылы Ош облусунун Алай районуна караштуу Көлдүк айылында туулган. Алгач 1966-жылы зооветеринардык техникумду аяктап, андан соң 1971-жылы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. Эмгек...
Бишкекте физиотерапевттердин жана реабилитологдордун эл аралык форуму өттү
Бишкектеги И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында 27-сентябрда физиотерапевттердин жана реабилитологдордун эл аралык форуму болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.Анда реабилитация жана физиотерапия тармагында эмгектенген Кыргызстандык жана чет өлкөлүк алдыңкы адистер чогулду.Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев форумдун катышуучулары менен амандашуу сөзүндө, реабилитациялык медицина системасын мындан ары өнүктүрүү...
Жакында «Нарын» аэропортунун ачылышы болот
«Нарын» аэропорту өнүгүүнүн жаңы баскычына даярданууда, деп билдирет «Манас» аэропортунун маалымат кызматы. Компаниядан билдиришкендей, «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жумушчу комиссиянын курамында аэропорттун расмий ачылышына даярдыгын текшерип барды.Иш-сапарда инфраструктурага, учуп-конуу тилкесинин абалына жана коопсуздук системаларына баа берилип, эл аралык стандарттарга ылайыктуулугуна өзгөчө көңүл бурулду.Бул аэропорт алыскы региондор үчүн негизги...
Акыйкатчы интернет аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып салган мыйзам долбоорун артка кайтарып алууга чакырды
КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорунун демилгечилерин сунушту кайра кайтарып алууга чакырды.Белгилей кетсек, 25-июлда «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке киргизилген. Анда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин 107-1 беренелери менен...
Кыргызстан менен Анголанын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулду
Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында 26-сентябрда Кыргызстан менен Анголанын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу аземи өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.Биргелешкен коммюникени Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Ангола Республикасынын тышкы байланыштар министри Тете Антонио кол коюшту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий диалогду күчөтүп, жогорку...
Азымбакиев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында бир катар жолугушууларды өткөрдү
КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын талаасында БУУнун жана чет мамлекеттердин жогорку даражалуу өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү жана жасалма интеллекттин потенциалын өнүктүрүү жаатында эл аралык кызматташуу боюнча жогорку деңгээлдеги отурумга катышты.Иш-чаралардын алкагында Муратбек Азымбакиев БУУнун Башкы катчысынын орун басары, терроризмге...
Кыргызстан менен Германия биргелешкен туристтик долбоорлорду түзүү маселесин талкуулады
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Германиянын Туризм ассоциациясынын президенти Норберт Фибиг жана анын Германиянын ири туроператорлорунун өкүлдөрүнөн турган делегациясынын мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнүн келечегин жана бул жаатта эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Эдил Байсалов Кыргызстан үчүн туризмди өнүктүрүү приоритеттүү...
Көңүл буруңуз! Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттери 1-октябрдан 3-октябрга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, бекеттер кытай тараптын демилгеси менен Кытайдагы билим майрамына карата жабылат.Транспорт, жүк ташуучу унааларды жана жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүү 4-октябрда кайрадан жанданат.
Кыргыз искусствосунун легендасы! Бишкекте Сүймөнкул Чокморовду эскерүү кечеси
Бишкектеги Сүймөнкул Чокморовдун музей-өнөрканасында 26-сентябрда белгилүү кыргыз актеру, сүрөтчүсү жана коомдук ишмерге арналган эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Кечеге Чокморовдун чыгармачылыгынын көптөгөн күйөрмандары чогулуп, анын өмүр жолун, бай чыгармачылык мурасын жана Кыргыз искусствосуна кошкон салымын эскеришти. Иш-чаранын катышуучулары Сүймөнкул Чокморов иштеген доорго кайрадан сүңгүп...