Сентябрь 2024 – 8 барак – ИА Караван Инфо

“Керемет көч” — “Кыргыз почтасы” жана ЮНИСЕФ жаңы почта маркасын чыгарышты

“Кыргыз почтасы” жана ЮНИСЕФ Кыргызстандын Баланын укуктары жөнүндө Конвенциясына кошулгандыгынын 30 жылдыгына арналган почта маркасын чыгарышты. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин маалымат кызматынан кабарлашты. Маркаларда кыргызстандык жаш балдары үчүн чыккан эң алгачкы белгилүү “Керемет көч” мультсериалынын каармандары тартылган. Маркаларды балдардын укуктарына арналган дилбаяндар конкурсуна катышуу үчүн өлкөбүздө жашаган балдардын баары колдоно алышат.“БУУнун Баланын...

Кыргызстандык режиссер Жандос Жолдошов эл аралык кинофестивалдын жеңүүчүсү аталды

Кыргызстандык режиссер Жандос Жолдошов Казакстанда өткөн эл аралык III Burabay Short Film Festival кинофестивалында жеңүүчү аталды. Анын «Connection (Байланыш)» аталыштагы тасмасы Best Social Drama номинациясында мыкты социалдык драма деп табылган. Бул тууралуу кинофестивалдын уюштуруучулары билдиришти. Сыйлык тапшыруу аземи 18-сентябрда “Достордун үнү: поэзия жана сүрөт искусствосу” 4-фестивалынын алкагында өткөн.Фестивалга 15 өлкөдөн 60тан ашык катышуучу...

Түрк блогерлери поезд менен Кыргызстандын кооз жерлерине саякатка чыгышты

Түрк блогерлеринин ири делегациясы 26-сентябрда Балыкчы – Токмок багыты боюнча поезд менен Кыргызстандын кооз жерлерин кыдырып, кызыктуу саякатка чыгышты. Бул тууралуу "Кыргыз теемир жолу" ишканасынан билдиришти. Коноктор ВИП жана ВИП-купе вагондорунда жайгашып, Боом капчыгайынын керемет көрүнүштөрүнө суктанып, "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасы тарабынан сунушталган ыңгайлуулук жана тейлөөнү көрө алышты.Саякат учурунда ишкананын кызматкерлери...

Билим берүү министри ЖАМУнун жаңы имараты менен таанышып чыкты

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева иш сапарынын жүрүшүндө Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаңы имараты менен таанышып, окуу жайдын алдындагы бала бакчанын ачылышына катышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жаңы имарат университеттин атайын каражатынын эсебинен курулуп, окуу имаратына 162 миллиондон, административдик имаратына 130 миллиондон ашык каражат сарпталды. Бул имараттар заманбап материалдык-техникалык жабдуулар...

Кыргызпатенттин окутуу сектору Агрардык университетте

К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин профессордук-окутуучулар жамаатынын талабы боюнча КУАУнун инженердик-технологиялык факультетинин 1 жана 3-курстарынын студенттери үчүн конок лекциясы өткөрүлдү. Курамы 40 адамдан турган жогоруда аталган курстардын студенттери интеллектуалдык менчик системасы, интеллектуалдык менчиктин объектилерин коргоо мөөнөттөрү, интеллектуалдык менчиктин субъекттерин жана объектилерин коргоо шарттары боюнча баштапкы билимдерди алышты. Ошондой...

Франциянын Кыргызстандагы элчиси ОшМУда болду

Анда ректор университеттин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, Франциянын элчилиги жана өлкөнүн университеттери менен кызматташуу тууралуу сөз кылды. Тараптар ЖОЖдордун алакасын бекемдөө, билим берүү программаларын ишке ашыруу, илим изилдөө, окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн арттырууну сүйлөштү. Ошондой эле PhD докторантура ачуу, тилди жеңил усул менен үйрөтүү багытында борборлорду ишке киргизүүнү, туризм...

ОшМУда математика жана физика боюнча 150гө жакын баяндамалар угулду

«Билим берүүдөгү математика, физика жана маалыматтык технологиялардын актуалдуу маселелери» аталышындагы форумга Кыргызстандан жана чет мамлекеттерден математика, физика, маалыматтык технологиялар боюнча окумуштуулар катышты. Алардын айрымдары онлайн режиминде сөз сүйлөдү. Жыйын беш секциядан туруп, анда талкууланган темалар боюнча 150дөн ашуун доклад жана баяндама окулду. Катышуучулар Абдувалиевдин ОшМУнун өнүгүүсүнө, математика илимине кошкон салымын, жаш...

Бишкектик спортчулар эл аралык Ысык-Көл оюндарына катышты. Байге ээлери

С.Жуманазаров атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин жеңил атлетика бөлүмүнүн тарбиялануучулары 35 жашка чейинки катышуучулар арасында жеңил атлетика боюнча 23-эл аралык Ысык-Көл оюндарына катышты. Бишкек мэриясынын билдирүүсүнө караганда, жалпысынан мелдешке 100дөн ашык катышуучу катышты. Турнирдин жыйынтыгында спорт мектебинин окуучулары төмөнкү байгелерге ээ болушту: ♦ 60 метрге чуркоо: Литвалык Руслан – 1-орун; Тимур Исаков...

Жалал-Абадда грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону болгон Асан Жанышовду тосуп алышты

Иш-чарага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Таласбек Нуралиев, спортчунун жакындары, күйөрмандары катышты.Шаар мэри спортчуну ийгилиги менен куттуктап аргымак белек кылды. Ошондой эле, алдыда Олимпиада чемпиону болушуна тилектештигин билдирип, ата-энесине жана машыктыруучуларына ыраазычылык билдирди.Асан Жанышов Кыргызстандын жаштар арасындагы (U-20) грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү....

Чүйдө экологиялык абал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү уланууда

Чүй облусунда от казандардын кышка даярдыгын күчөтүү жана экологиялык абалды түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Бул жолу Ысык-Ата районунун Гагарин айылындагы жана Токмок шаарындагы бир катар от каналардын жана таштанды төгүүчү жайлардын абалы менен таанышуу иштери жүргүзүлдү.Чүй аймактык башкармалыгынын инспекторлору таштанды таштоочу жайлар...

Жаратылыш ресурстары министрлиги: Таштанды жайларын иретөө боюнча иштер күчөтүлүүдө

Таштанды жайларын иретөө боюнча иштер күчөтүлүүдө, деп билдирет  Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы.Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурмабетовский айыл өкмөтүнө 13 миң сом айып салынды.Текшерүүнүн жүрүшүндө Жаратылыш ресурстар министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын инспекторлору тарабынан айыл аймактын аймагында уруксат берилген таштанды таштоочу...

error: