Сентябрь 2024 – 9 барак – ИА Караван Инфо

Арал-Казарман тилкесинде таш кулоодон коргоочу курулуштар курулат

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун инженери Айбек Калмаматов Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.Эске салсак, буга чейин бул аймакта бир нече жолу таш кулап, жолду тосуп, асфальтты талкалаган.Калмаматовдун айтымында, бул 99 чакырым узундуктагы участок нөлдөн баштап курулган. “Мурда ал жерде жол...

ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйыны өттү — күн тартибинде 40ка жакын маселе каралды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынына видеоконференция байланышы аркылуу катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин билдиришти. Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары - ЕЭК) Кеңешинин отурумунун жүрүшүндө күн тартибинде 40ка жакын маселе каралып, анын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.Жыйындын жыйынтыгында сыра жана ичимдиктер жана биологиялык активдүү...

Кыргызстан экономикада “барс секиригин” жасады — Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Экономикалык ойдун өнүгүүсү: изилдөөлөр жана чечүү жолдору” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Конференция Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын чыгаан экономисти Төлөбек Камчыбековдун 75 жылдыгына арналды.   Акылбек Жапаров өз сөзүндө өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө илимдин ролунун маанилүүлүгүн белгилеп,...

Кыргызстандын ИДПсы быйыл 1,5 трлн. сомду түзөт — минкаб төрагасы

Алдын ала божомолдор боюнча, Кыргызстандын  ички дүн продукциясынын көлөмү 2024-жылы 1,5 трлн. сомду түзөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Экономикалык ойдун өнүгүүсү: изилдөөлөр жана чечүү жолдору” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда билдирди. Ал өз сөзүндө  республиканын экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, аларды “илбирсттин секириги” катары сыпаттады."Макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча өлкөнүн ИДПсынын өсүү темпи 8,7%ды...

Ош шаары Франция менен ар тараптуу кызматташтыкты бекемдейт

Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азат Кубатбек уулу менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николас Файдын жолугушуусу өттү.Жолугушууда тараптар экономика, туризм, маданият, билим берүү, экология, жылуулук берүү багытында өз ара пайдалуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.Ошондой эле эки өлкө ортосунда студенттердин тажрыйба алмашуу программаларын иштеп чыгуу маселелери боюнча сүйлөшүлдү.Соңунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү...

Кыргызстан инвестиция үчүн ачык: Акылбек Жапаров JICA алдында артыкчылыктуу долбоорлорду айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) вице-президенти Сачико Имото менен жолугушту.   Президенттик администрацияда өткөн сүйлөшүүдө минкаб башчысы Кыргызстандын ар дайым колдоосу үчүн Японияга ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.   Акылбек Жапаров министрлер кабинети өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүү боюнча аракеттерди көрүп жатканын...

АЧК-12 долбоору боюнча 3,87 млрд сом жеңилдетилген кредит каржыланды

2024-жылдын 19-сентябрына карата “Айыл чарбасын каржылоо-12”  долбоордун алкагында республиканын 9 795 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 874,83  млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген.Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде:Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5,0 млрд сом суммасын түзүүдө.

Баткен облусунун башчысы Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын жашоочулары менен жолукту

Анда тургундар сугат суу, таза суу, жол, бала бакча, спорттук зал  маселелерин көтөрүп, көпүрөлөрдү, жолдорду оңдоо,  Боз-Кара-Кыштак каналын бүткөрүү зарылчылыгын белгилешти.Облус башчысы ар бир айыл аймак инвестиция тартуу үстүндө тынымсыз изденүү керектигин белгилеп, Үч-Коргон айыл аймагы багбанчылык менен дыйканчылык өнүккөн аймак болгондуктан, ишкерлерди мөмө -жемиштерди кайра иштетүү жаатында кеңири  мүмкүнчүлүктөрдү...

Нарында көп балалуу энелер сыйланды

Нарында көп балалуу энелер "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.Сыйлыктарды шаар мэри Канболот Тутуев тапшырды. Иш-чара шаардык маданият бөлүмүнүн концертти менен коштолду.

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга айып пул салынды

Бишкектин көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды муниципалдык инспекциянын инспекторлору аныкташты. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.Маалыматка ылайык, уруксат берүүчү документтери жок жер казуу иштерин жүргүзүп жаткан адамдар аныкталды. Аларга карата административдик чаралар көрүлдү. Алсак, Абай көчөсү боюнча "Энерджи билдинг Кейджи" ЖЧКсына 23000 сомго КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгү боюнча айып салынды. Жеке...

Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 25-сентябрда Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.Төрага Нурланбек Шакиев акыркы жылдары кызматташтык жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи.“Эки тараптуу иш сапарлар байма-бай уюштурулуп, андагы сүйлөшүүлөрдү айтылган сунуштар...

Муфтият: Ажылык сапарга каттоо 7-октябрда башталат

Кыргызстанда 2025-жылы ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо 7-октябрда башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынан кабарлашты. Талапкерлер баштапкы $2 миң жана кайтарымсыз 1 миң 200 сомду "Элдик банкка" төлөп, каалаган аймактык операторлорго (жашаган аймагына карабастан) муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык Казыяттарга жана райондук хатибияттарга баштапкы квитанциясын жана электрондук каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл.Муфтияттан талапкерлер баштапкы төлөмдөрдү...

error: