Ноябрь 2024 – 10 барак – ИА Караван Инфо

Салтанат Аманова Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды

Аманова Салтанат Абдылдаевна Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович кол койгон. Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

Бишкекте «Баба мурасы» аттуу этноспектакль өттү

Бишкектеги «Диалог» маданият үйүндө 26-ноябрда «Насыйкат»  элдик ансамблдин 10 жылдык мааракесине арналган «Баба мурасы» аттуу этноспектакль өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Ансамблдин чыгармачыл жамааты ата-бабалардын бай маданий мурасын улуттук мотивдерге жана кыргыз маданиятынын терең символдоруна бай музыкалык жана театрлаштырылган көрсөтүү аркылуу аткарып беришти. Иш-чаранын жыйынтыгында куттуктоо сөзү менен Маданият башкармалыгынын орун басары Абсамат...

Бишкекте гендердик зомбулукка каршы кызгылт сары флешмоб өттү

Бишкектин Биринчи май районунун акимиатынын кызматкерлери аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга багытталган “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” эл аралык акциясынын алкагында кызгылт сары флешмоб уюштурушту.  Акция шаардын көчөлөрүндө өткөрүлүп, И.В. Панфилов атындагы паркта акимчиликтин кызматкерлери жана социалдык кызматкерлер кызгылт сары шарларды, мандариндерди жана зордук-зомбулук маселелери боюнча чалуулар үчүн...

Баткен облусунун бир катар айылдары таза суу менен камсыздалды

Баткен облусунун бир катар айылдары таза суу менен камсыздалды, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнүн Андарак, Комунна, Искра айылдарында курулуш иштер аяктады. Аталган айылдардын таза суу системасын долбоордук-сметалык документациясы иштеп чыгарылып, мамлекеттик экспертизадан өткөн,Азыркы учурда жалпысынан 24...

Москвада кыргызстандык жарандардын укуктук абалы боюнча маселелер талкууланды

Кырызстандын элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Григорий Борисович Карасин менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.Маалыматка ылайык, жолугушууда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланып, саясий диалогдун жогорку динамикасы, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттенүү...

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2024-жылдын 30-ноябрында күндүз жана 1-2-декабрларда Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, 2-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы, айрым жерлерде туман түшүшү күтүлүүдө. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт.Тоо...

Бажы кызматкерлери озонду бузуучу заттардын импортуна каршы туруу боюнча окуудан өтүштү

Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын кызматкерлеринин кесиптик квалификациясын жогорулатуу максатында «Кыргыз Республикасынын аймагына озонду бузуучу заттарды жана гидрофторкөмүртектерди алып келүү, алып чыгуу жана транзит» деген темада окуу семинарлары өткөрүлдү.Семинарды Кыргызстандын озон борборунун кызматкерлери өткөрүштү.2024-жылдын 19-ноябрында «Адистештирилген окутуу» бажысында семинарга 22 бажы кызматкери катышты. 22-ноябрда тренинг Ош бажысынын базасында өтүп, мында «Ош» бажысынын, «Жалал-Абад» бажысынын жана “Баткен» бажысынын 24 кызматкери окуудан өтүштү.Курстун катышуучулары...

Кыргызстандын чыгармачыл коомчулугуна автордук укукту коргоо боюнча глобалдык платформа көрсөтүлдү

2024-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) Инновациялык борборунда «CLIP платформаcы жөнүндө” вебинар өттү.Бул иш-чара Кыргызстандын чыгармачыл коомчулугунун өкүлдөрүн чогултуп, CLIP платформасынын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк түздү. ИМБДУ CLIP платформасы сунуштап жаткан мүмкүнчүлүктөрүн айтып, жаратуучуларга чыгармаларын глобалдык деңгээлде коргоо жана материалдык киреше...

Түркияда иштеген кыргызстандыктар пенсия ала алышат

Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. 2020-жылы тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген. Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 303 суроо-талап жиберилген,...

Үстүбүздөгү жылдын I жарымында калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү 18 пайызга өстү

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, үй чарбаларга жүргүзүлгөн интеграцияланган тандалма изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча 2024-жылдын I жарым жылдыгында калктын номиналдык акчалай кирешелери 457,8 млрд. сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 24 пайызга көбөйдү.Калктын акчалай кирешелеринин негизги булагы эмгек ишмердигинен түшкөн кирешелер болуп саналат, кирешелердин түзүмүндөгү алардын салыштырма салмагы –...

Кыргызстандын пенчак силат боюнча курамасы дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын пенчак силат боюнча курама командасынын мүчөлөрү дүйнө чемпионаты катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. Мелдеш 16-23-декабрь күндөрү Абу-Дабиде өтөт.Курама командасынын тизмеси:Курама команда башкы машыктыруучу Алмаз Бикбоевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат. Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

Бишкекте мектептерде балдардын укугун коргоо боюнча маалымат кампаниясы башталды

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн катчылыгы Кыргызстандын Балдардын укугун коргоо боюнча профсоюздар федерациясы менен биргеликте уюштурган маалыматтык кампания башталды. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлайт.Акция балдардын эксплуатациясын алдын алуу жана көзөмөлдөө, мектептерде жана колледждерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө багытталган. Иш-чаралар планында Бишкек, Жалал-Абад, Ош жана Каракол шаарларындагы билим...

error: