12-февраль-1 март күндөрү Кытайдын Шеньчжэнь шаарында жаштар арасында U-20 Азия Кубогу орун алат. Аталган мелдешке Кыргызстандын курамасы 2024-жылдын сентябрь айында жолдомо алган.
Бул финалдык баскыч биздин жаштар курамабыз үчүнчү ирээт ойнойт. Буга чейин, Кыргызстандын курамасы 2006, 2023-жылдары Азия биринчилигинин финалдык баскычына катышкан.
2025-жылкы Азия Кубогуна 4 тайпага бөлүнгөн 16 курама катышып, турнир тайпалык баскычтан, чейрек жана жарым финалдык оюндардан жана финалдан турат.
Тайпалардын курамы төмөндөгүдөй ✔️
«А» тайпасы:
«B» тайпасы:
«С» тайпасы:
«D» тайпасы:
Аталган турнирди Шеньчжэнь шаарынын 4 стадиону кабыл алат: «Боан» спорттук борборунун стадиону, «Шеньчжэнь» машыгуу спорттук борборунун стадиону менен бир оюн талаасы жана «Лонгуа» спорттук борборунун стадиону.
Турнир алкагында жарым финалга чыккан төрт команда 27 сентябрдан 19 октябрга чейин Чилиде өтө турган 2025-жылкы жаштар арасындагы Дүйнө Чемпионатына катышат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/