Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору (мындан ары-Борбор) сиздерге Россия Федерациясынын бул өлкөгө визасыз режимде кирген чет өлкөлүк жарандардын убактылуу болуу мөөнөтүнө тиешелүү мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр күчүнө киргени жөнүндө маалымдайт. 2024-жылдын 8-августундагы №260-ФЗ “Россия Федерациясынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” федералдык мыйзамына ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тарта Россия Федерациясынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын убактылуу болуу мөөнөтү календардык жылдын ичинде 90 суткага чейин кыскартылат.
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн негизги жоболор:
1. Миграциялык карта:
2. Болуу мөөнөтү:
3. Миграциялык каттоо:
4. Эмгек ишмердүүлүгү:
5. Манжа изи жана медициналык жол-жоболоштуруу:
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн сунуштар:
– Каттоодон өтүңүздөр, документтерди расмий каналдар аркылуу гана жасаңыздар.
– Турак жайды жалдоо боюнча жазуу жүзүндөгү келишимдерди түзүңүздөр жана жашаган жериңиз жөнүндө өз алдынча кабарлаңыз.
– Миграциялык документтерди тариздөө үчүн ортомчулардын кызматын колдонуудан алыс болуңуз.
– Россия Федерациясынын мыйзамдарын сактаңыз, өлкөнүн каада-салттарын жана баалуулуктарын урматтаңыз.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/