Бүгүн, 20-январда, Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде стадиондорду куруу жана реконструкциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жумушчуу жыйын өттү.
Жыйынга Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков, КФБнын Президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле курулуш долбоорлору боюнча иш алып барган уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында Токмок, Нарын, Талас, Таш-Кумыр, Шамалды-Сай, Токтогул жана Сокулук районундагы стадиондордун курулушунун жана реконструкциясынын учурдагы абалы талкууланды. Катышуучулар курулуш иштери, графиктер, долбоорлордун аткарылышы жана келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү боюнча чаралар боюнча талкуу жүргүзүштү. Ошондой эле каржылоо, логистиканы жакшыртуу жана долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында көзөмөлдү камсыз кылуу маселелери көтөрүлдү.
Бул жылы 20 жакын объекттин курулушу жана реконструкциясы пландалууда. Долбоорлор спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталып, региондордо спорт менен машыгуу үчүн заманбап шарттарды түзүүдө, анын ичинде улуттук жана эл аралык турнилерди уюштурууга мүмкүндүк берет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/