"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы өзүнүн линиялык техникалык персоналы үчүн жаңы кышкы униформа тартуулады, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы. Тышкы жарыктандыруу линияларын эксплуатациялоо жана курууда иштеген кызматкерлерге, анын ичинде техниканын айдоочуларына арналган униформа сатылып алынды. Жабдуулар ишкананын фирмалык стилине шайкеш келген көк жана боз түстөрүндө жасалган. Бушлаттарга "Бишкекжарык" деген жазуу жайгаштырылган,...
«Бишкек шаардык транспорт» ишканасы жумушчуларды издейт
«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы жоопкерчиликтүү кызматкерлерди өзүнүн ынтымактуу жана шаңдуу командасына чакырат. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты. Төмөндөгү кызматтарга бош орундар бар: Айдоочулар: * Жаш курагы: 21ден 63 жашка чейин; * «D» категориясындагы айдоочулук күбөлүк; * Иш тажрыйбасы кеминде 3 жыл. Айдоочулар: * «D», «C», «E» категорияларындагы айдоочулук күбөлүк; *...
Транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу. 2024-жылы бюджетке 24 млн. сомдон ашуун каражат түштү
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы тарабынан 2024-жылы жүргүнчү жана жүк ташыган 285 779 унаа текшерилген.Анын жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 2 647 протокол түзүлгөн.Жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларды аныктоо сыяктуу...
Ички аскерлердин мыкты башкармалык жана бөлүмдөрү аныкталды
2025-жылдын 14-январында Ички аскерлердин 2024-жылы аткарган күжүрмөн-кызматтык ишмердигинин жыйынтыгын чыгаруу кеңешмеси болуп өттү.Аталган кеңешмеге ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов катышты.Алгач, ички иштер министринин орун басарын Ички аскерлердин кол башчысы Дамир Алыбаев 7705, 7708, 7709 аскер бөлүктөрүнүн аймактарында, спортзалда жана Ички аскерлердин борбордук музейинде аткарылган оңдоп түзөө иштери менен жакындан...
Кант ш. жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы мамлекеттин менчигине кайтарылды
КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жалпы аянты 28143,27 чарчы метр (курулуштары бар) Кант шаардык автостанциясы мамлекеттин балансына кайтарылды.1996-жылы айрым үлүштүк катышуучулары бар "Каниет" ААКнын жетекчилиги Кант шаарындагы автостанцияны мыйзамсыз менчиктештиргени аныкталган, анда мамлекеттин үлүшү 39,25% түзгөн. Бирок, менчиктештирилген учурдан тартып "Каниет" ААКдан кандайдыр бир дивиденддер мамлекеттик бюджетке түшкөн эмес.Көрүлгөн...
2024-жылдын январь-декабрында ички дүӊ продуктунун өсүүсү камсыздалды
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2024-жылдын январь-декабрында 2023-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 9,0 %га жогорулады жана 1,5 триллиондон ашык сомду түздү. ИДПнын өсүшү товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга болгон салыктардын эсебинен камсыз болду. Мында товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 8,5 %га, кызмат көрсөтүү тармактарынын өсүү...
Сокулук айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттин менчигине кайтарылды
КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иш-чаралардын жыйынтыгында Чүй облусунун Сокулук айылында жайгашкан сметалык баасы 331 млн 391 миң сомдук дан тегирмени, 2,4 га жер аянты менен мамлекетке кайтарылды.Эскертүү: Дан тегирмени–фермердик жана үй-бүлөлүк чарбалар, элеваторлор, айыл чарба ишканалары жана тамак-аш өнөр жайынын ишканалары үчүн дан өсүмдүктөрүн тазалоо, кургатуу, ташуу жана сактоого...
Салык кызматынын башчысы “Туратали” базарынын ишкерлери менен жолугушту
Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы “Туратали” базарынын ишкерлери менен жолугушту.Жолугушуунун жүрүшүндө ири жана чакан бизнеске салык салуу, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды колдонуу, ошондой эле ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери талкууланды.Ал мындай жолугушуулардын башкы максаты ишкерлердин көйгөйлөрүн угуу жана бизнес...
Кыргызстандагы аарычылык жана сүт багытындагы мыктылар аныкталды
Аарычылык жана Европадан алып келинген уйлардан сүттү мол алган чемпиондор аныкталды, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, Рахат Токталиев Нарын облусунун Ат-Башы, Нарын райондорунда таза бал алуу үчүн көчүп конуу менен чогултуп “Ат-Башы ак балын” өндүрүп келет.Ал 2024-жылы 8 тонна бал өндүргөн, анын 60% экспортко кеткен.Ат-Башы ак балынын өзгөчүлүгү...
Көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу 15-февралга чейин узартылды
Экономика жана коммерция министрлиги көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну 2025-жылдын 15-февралына чейин узартты. Ведомстводон кабарлашкандай, көмүрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана баанын спекулятивдик өсүшүн алдын алуу максатында өлкөнүн бардык аймактары үчүн көмүрдүн максималдуу чекене баасы белгиленди. Көмүрдүн баасы эмнелерге көз каранды? Көмүрдүн баасы бир нече факторлордон көз каранды: - казылып алынган жерден...
Инвестициялар боюнча агенттик өлкө ишкерлери менен жолугушууларды өткөрөт
КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кыргызстандын башка облустарынын ишкерлери менен жолугушууларды өткөрүүнү пландаштырууда.Бул жолугушуулардын максаты-мамлекет менен бизнестин ортосундагы ачык диалог. Тараптар ишкердикти өнүктүрүүгө тиешелүү актуалдуу маселелерди, ошондой эле ишкердик демилгени өнүктүрүүгө жолтоо болгон көйгөйлүү маселелерди, анын ичинде ишкердик субъекттеринин укуктарын сактоону талкуулай алышат.Жолугушууларда ишкерлер инвесторлорду ийгиликтүү издөө үчүн...
Свердлов облусунун ишкерлери Кыргызстанга бизнес-миссия менен келет
2025-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Максат Тентимишов Свердлов областынын эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министринин орун басары О. Александрин менен жолугушуу өткөрдү.Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Свердлов облусунун ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, 2025-жылга карата кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты.Талкуунун негизги маселелеринин бири 2025-жылдын...