Санкт-Петербургда банк ячейкаларынан миллиарддан ашык рубль уурдаган киши соттолду. Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси боюнча уурулук боюнча айыпталып жаткан Артур Барбынц банктагы сейфтик ячейкаларга кирүү үчүн эсептегичтерди колдонгон. 2024-жылдын мартында Барбынц кардарлардын пин-коддорун жана карта номерлерин окуу үчүн банктын алдыңкы эшигине аппаратты орноткон. Бир нече күндүн ичинде ал зергер буюмдарын жана миллиард...
Кыргызстан Гонконг менен каржы борборлорун түзүү жаатында тажрыйба алмашууга кызыкдар
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Атайын административдик району Гонконгго (КЭР ААР Гонконг) болгон жумуш сапарынын алкагында Гонконгдун Каржы катчысы Пол Чан менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар каржы, банк, билим берүү жана соода тармактарында эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн перспективаларын талкуулашты. “Кыргызстан Гонконг менен каржы борборлорун,...
Тармактык комитетте «Долинка» жана «Речная» подстанцияларын реконструкциялоо долбоору колдоо тапты
Бүгүн, 14-январдагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында «2024-жылдын 10-июнунда Вена шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Долинка» подстанциясын модернизациялоо жана «Речная» подстанциясын реконструкциялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик...
Бирдиктүү квитанция. Суроолор боюнча кайда кайрылуу керек?
Бишкек шаарынын мэриясы коммуналдык төлөмдөрдү төлөө үчүн бирдиктүү квитанция системасын ишке киргизди. Жаңы система үй-коммуналдык кызматтар үчүн бардык төлөмдөрдү бир кагазда бириктирүүнү көздөйт, мисалы: суу менен камсыздоо, жылуулук берүү, газ менен камсыздоо, таштанды чыгаруучу кызматы жана лифттердин техникалык тейлөө кызматтары. Бирдиктүү квитанцияларда бирдиктүү ELQR кодун көрсөтүүдө, ал төлөмдүн бардык маалыматтарын...
2024-жылы мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн Ветеринардык кызмат 216 млн сом чогулткан
2024-жылы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын атайын эсебине мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн 216 миллион сомдон ашуун акча каражаты түшкөн.Ветеринардык кызматтын 2024-жыл үчүн атайын эсепке коюлган планы 91 688,0 миң сом болсо, жыл аягында план 216 785,0 миң сомго аткарылган.Анын ичинен: Ақпарат көзі: сайт...
Баткен облусунда үч жасалма мөңгү тоңдурулду
Быйылкы кышта Баткен облусунда үч жасалма мөңгү тоңдурулду, деп билдирет облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, алар: Мөңгү тоңдуруу иш аракеттери, жергиликтүү бийлик менен жайыт комитеттеринин, бей өкмөт уюмдардын климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлорунун алкагында ишке ашырылууда.Жасалма мөңгү жайыттарда суу таңкыстык көйгөйүн чечүүнүн жолу катары каралууда. Тагыраагы жайыттарды жакшыртуу, эрте...
Нарында бетон заводу ишке кирет
Нарында бетон заводу ишке кирет, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.Маалыматка ылайык, саатына 70-80 м3 бетон аралашмасын чыгара турган заводдун курулушун жаз айында баштоо пландалып жатат. Мындай маалыматты “Оливин” жоопкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары–ЖЧК) өкүлдөрү КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров менен болгон...
Адылбек Касымалиев Гонконгдун администрациясынын башчысы Жон Ли менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Гонконг өзгөчө административдик районуна (Гонконг ӨАР) жумушчу сапарынын алкагында Гонконгдун администрациясынын башчысы Жон Ли менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Кыргыз делегациясынын башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасы экономикалык өсүш, бюджеттин киреше бөлүгүнүн өсүшү, социалдык төлөмдөрдүн көбөйүшү жана калктын жан башына ИДПнын эки эседен ашык өсүшү менен мүнөздөлгөн...
Баңгизатты жарнамалагандарга жаза катаалдашат. Комитет мыйзам долбоорун жактырды
Бүгүн, 14-январдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда “Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоого...
Электр энергиясынын жалпы жоготуулары дээрлик 15% жетти
Бүгүн, 14-январдагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын энергетика министрлиги тарабынан энергетика тармагындагы ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат угулду.Аталган маселе боюнча Энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат берип, коррупцияга...
ММК фонду: үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу-Балдардын ден соолугун коргоонун биринчи кадамы
КРВИ, грипп жана кызамык ооруларынын көбөйүшүнө байланыштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) ата-энелерди жардам сурап кайрылуу үчүн медициналык мекемелерди тандоодо көңүл бурууга чакырат. Азыр балдары бар көптөгөн ата-энелер ысытма, жөтөл жана мурундун агышы сыяктуу симптомдор менен дароо ооруканага кайрылышат. Бирок, баштапкы диагноз коюу жана дарылоо үчүн оптималдуу жер үй-бүлөлүк медицина...
Кыргызстанда мугалимдерге ноутбуктар 20-январдан тартып бериле баштайт
Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева бүгүн, 14-январда, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркка барып, мугалимдер үчүн бериле турган ноутбуктарды чогултуу процессине күбө болду.Ведомстводон кабарлашкандай, технопарктын директору Касымбек Келебаев министрдин орун басарын иштин жүрүшү менен жеринен тааныштырып жатып, эки күндө 300дөй ноутбукту чогултуп, сыноо...