Январь 2025 – 111 барак – ИА Караван Инфо

Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонунда ысык суу жана жылуулук берүү убактылуу токтотулду

Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонунда бүгүн, 14-январда  саат 09:00дөн 20:00гө чейин ысык суу жана жылуулук менен камсыздоо убактылуу өчүрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында, иштеп жаткан жылуулук тармагын жаңыртуу жана  жаңы курулган тармакка туташтырууга байланыштуу. Ысык суу жана жылуулук төмөнкү үйлөрдө өчүрүлөт: Белгилей кетсек, оңдоо иштери кыш...

УКМК: Баасы 3 млн. сомдук балдар бакчасынын жер тилкеси ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

КР УКМК Сумбула айылында (мурда - Анар) курулган бала бакчанын 2005-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жер тилкесин мамлекетке кайтарып берди. Комитеттин маалыматына караганда, тиешелүү иштердин жыйынтыгы боюнча аянты 0,30 га, базар баасы 3 млн.750 миң сом болгон жер тилкеси ыктыядуу түрдө  Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди. Аталган жерде 2025-жылы...

Чолпонбай айылында Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты ачылды

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айылында 13-январда Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Жаңы имарат заманбап талаптарга жооп берет жана бардык зарыл эмеректер менен жабдылган. Бул маанилүү социалдык долбоор саламаттык сактоо министринин демилгеси менен “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду тарабынан ишке ашырылды.Иш-чарага саламаттык сактоо...

Ак илбирстин логотибин иштеп чыгуу боюнча сынак жараксыз деп табылды

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу болгон ак илбирстин логотипинин эң мыкты дизайнын тандоого жооптуу сынак комиссиясы сынакты жараксыз деп табуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, сынакты өткөрүү жөнүндө жобонун 12-пунктунда айтылгандай, уюштуруучулар зарыл болгон учурда сынакты каалаган этапта жокко чыгаруу же өзгөртүү укугун...

Билим берүү департаментинин башкы адиси Чынаркул Исакова дүйнө салды

Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин башкы адиси Исакова Чынаркул Курманалиевна 59 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.  Исакова Чынаркул Курманалиевна Нарын облусунун Тянь-Шань районуна караштуу Он-Арча айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетине тапшырган. Эмгек жолун 1989-жылдын сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик...

Чүй энергетиктери штаттык режимде иш алып барууда

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын кызматкерлери керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо жана авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу максатында штаттык режимде иш алып барууда.Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, 500/220/35 кВ “Кемин” көмөкчордонда күн сайын 2 нөөмөтчү, 6 электр мискер, 3 инженер ишке чыгып, электр жабдуулардын иштешин текшерүүдөн...

Былтыр Кыргызстанда 600гө чукул гидротехникалык курулма оңдолду

2024-жылы Кыргызстанда 600гө чукул гидротехникалык курулма оңдолду, деп билдирет Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 626,0  км чарба аралык каналдын оӊдоо жана механикалык тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Андан тышкары, 596 гидротехникалык курулманын, 250 суу өлчөөчү посттордун, 115 насостук станциянын,  221 насостук агрегаттын...

«Каракөл» ГЭСинин курулушу кызуу жүрүүдө

“Чакан ГЭС" ААКга таандык «Каракөл» ГЭСинде курулуш иштери активдүү жүрүүдө., деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы. ГЭС Каракөл шаарына жакын Кара-Суу дарыясында жакын жайгашкан, пландалган кубаттуулугу 18 МВт түзөт.Долбоордун инвестору жана башкы подрядчысы – "Жагалмай" ЖЧК болуп эсептелет. Себеби, 2023-жылдын 16-июнда "Каракөл ГЭС" ААК менен "Жагалмай" ЖЧК ортосунда чакан ГЭСти...

Кыргызстанда керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 6,3%ы түздү

2024-жылдын январь-декабрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпы республика боюнча 6,3 пайызды түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасы  Бактыбек Кудайбергенов билдирди. Анын айтымына караганда, мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге баалар 11,4 пайызга, азык - түлүк эмес товарлар - 5,1 пайызга, тамак - аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар-5,4...

Буудай жана чычырканак өстүрүү боюнча Кыргызстандын чемпиондору белгилүү болду

Кыргызстан боюнча буудай жана чычырканак өстүрүү боюнча чемпиондордун ысымдары белгилүү болду. Бул туралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты. Алар – Чүй облусунун Москва районунун фермери Анисимов Алексей жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну Окенов Таалай.Алексей мырза 2024-жылы эгилген буудайдан 1 гектардан 86,0 центнер түшүм алган.Таалай мырза болсо 2019-жылы отургузулган чычырканактан 1 гектардан...

Бишкекте «Сактап алып бөлүш» сүрөт көргөзмөсү ачылды

Бишкектеги Сүймөнкул Чокморовдун музей-чеберканасында 13-январда «Сактап алып бөлүш» аттуу фотокөргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Көргөзмө 2025-жылдын 31-январына чейин уланат. Көргөзмөнүн автору – Табылды кызы Арууке, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин (КММИУ) студенти. Көргөзмөгө материалдык жана руханий дүйнөнүн тең салмактуулугун чагылдырган 33 кара-ак...

“Бишкек жашыл чарба” ишканасынын кызматкерлери жаңы униформа алды

Эми “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жаңы кышкы униформа менен иштейт, деп кабарлайт Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы. Кызматкерлер үчүн 365 комплект форма сатып алынган, ал ишкананын логотибиндеги түстөрдүн гаммасында: сары, жашыл жана күрөң. Кийимдер коопсуздук үчүн жолдордун кооптуу бөлүктөрүндө иштеп жаткан кызматкерлердин айкын көрүнүшү үчүн жарыкты чагылдырган кездемелер...

error: