Январь 2025 – 116 барак – ИА Караван Инфо

Нарын ветлабораториясынын Серология бөлүмү эл аралык сертификатка ээ болду

Өлкөдө биринчилерден болуп Нарын ветлабораториясынын Серология бөлүмү эл аралык сертификатка ээ болду. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, ГОСТ ISO/IEC 17025:2019 эл аралык сертификат аркылуу облустун экспорттук потенциалы жогорулап, дарт аныктоо процедурасынан ийгиликтүү өткөн продукциялар чет өлкөлөргө тоскоолдуксуз чыгат.Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - борбор)...

Бишкекте заманбап стандарттарга жооп берген пандустар орнотула баштады

2024-жылдын октябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин демилгеси менен борбор калаанын башчысы майыптыгы бар жарандар менен жолугушуу өткөрүп, алар коомдук жайларда пандустарды туура орнотууну өтүнүшкөн. Ошентип, шаар башчысынын тапшырмасы менен майыптыгы бар адамдар жана кыймыл-аракети чектелген топтор үчүн заманбап стандарттарга жооп берген пандустарды орнотуу боюнча долбоор башталган. Майыптыгы бар адамдардын...

Шахмат боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында Кыргызстандын чемпионаты өттү

Үстүбүздөгү жылдын 2-11-январь күндөрү Ломоносов атындагы билим берүү борборунда шахмат боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында Кыргызстандын биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 535 спортчу катышты.Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар  тапшырылды.  Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

Жогорку Кеңештин төрагасы фамилиясын өзгөрттү

Жогорку Кеңештин төрагасы бүгүн, 13-январда өз фамилиясын “Тургунбек уулу Нурланбек” деп өзгөртүп, тиешелүү документтерин алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Төрага социалдык тармактагы баракчасында өз чечими тууралуу мындай деп түшүндүрмө берди:"Мен Тургунбектин уулумун! Мен кыргыздын уулумун!Ооба, мындай чечимге кечээ же бүгүн эле келе калган жокмун. Көптөн берки кыялым эле....

Гидропоника даярдоо боюнча өлкөдөгү мыкты адис аныкталды

Айыл чарба министрлиги гидропоника даярдоо боюнча өлкөдөгү мыкты адис аныкталгандыгын билдирди.Маалыматка ылайык, жаш ветеринардык адис Мурзакулов Мирлан 7 жылдан бери жашыл тоют (гидропоника) даярдайт.Ушул жылдар аралыгында мал жандыктарды сандан-сапатка өтүүдө тоюттардын сиңимдүүлүгү боюнча илимий маалыматтарга таянып, климаттын өзгөрүүсүн эске алуу менен жана жайыттарды сактоо, туура пайдалануу, арзан тез сиңимдүү болгон...

Касымалиев: Кыргызстан инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо үчүн еврооблигацияларды чыгарууну пландаштырууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Атайын административдик району Гонконгдо ушул күндөрү өтүп жаткан Азия каржы форумунун алкагында “Ситибанк” (“Citi bank”) эл аралык бөлүмүнүн башчысы Эрнесто Торрес Канту менен жолукту. Жолугушууда Кыргызстан менен “Ситибанктын” ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде еврооблигацияларды чыгаруу жана кыргыз жана эл аралык банктар ортосунда корреспонденттик мамилелерди...

Кыргызстанда сейрек кездешүүчү кыргыз ак топозун баккан мыкты фермер аныкталды

Тоң районунун Сырт өрөөнүнүн Кара-Саз кыштоосунда кыргыз ак топоз баккан фермер Баатырбек Акматов.Баатырбек мырза 2003-жылдан бери топоз багып келет.1 баш топоздон орто эсеп менен 200 кг экологиялык таза эт алат. 2024-жылы эң чоң көрсөткүчү болуп 1 баш букадан 300 кг таза эт алган.Азыркы учурда 250  баш ак топозу бар. Дүйнөдө...

Казакстан менен Өзбекстан эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты

Казакстан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык коргоо министри Светлана Жакупова Өзбекстан республикасынын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Бахтиер Ибрагимов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтыктын негизги маселелерин талкуулашты. Светлана Жакупова элчиге Казакстандын миграция мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берип, жаңы порталдын мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады...

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кышкы коопсуздук эрежелерин эскертет

Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде (ӨКМ) кышкы коопсуздук маселелерине, анын ичинде авариялык-куткаруу иштерине жана турак жай секторундагы өрт коопсуздугунун чараларына арналган пресс-конференция болуп өттү. ӨКМ өкүлдөрү учурдагы кырдаал боюнча маалымат берип, жарандарга коопсуздук эрежелерин сактоону эскертишти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы кызмат комитетинин башкы адиси Элдос Зияда белгилегендей, жылытуу мезгилинде...

Дональд Трамп Владимир Путин менен жолугушууга даярданууда

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууга даярдыктар жүрүп жатканын билдирди. Флоридадагы журналисттерге сүйлөгөн сөзүндө Трамп Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга салым кошо турган сүйлөшүүлөргө даярдыгын билдирди. "Президент Путин жолугушууну каалайт, ал тургай, ачык билдирди. Биз даярдык көрүп жатабыз. Биз Украинадагы жаңжалды токтотушубуз керек", — деди...

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси: тарых Байдендин Ооганстандан кетүү чечимин тастыктады

Борбордук АЗИЯ, 13 — январь, 2025-жыл-маалымат кербени. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Джек Салливан АКШнын азырынча иштеп жаткан президенти Жо Байдендин Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетүү чечимин коргоду. Анын айтымында, бул кадам оң бааланган. Салливан маегинде, деди: "Президент Байден үч жыл мурун кабыл алган стратегиялык чечимге тарых жакшы баа берди...

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси: тарых Байдендин Ооганстандан кетүү чечимин колдойт.

Борбордук Азия, 13 — январь, 2025-жыл-маалымат кербени. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Джек Салливан АКШнын азырынча иштеп жаткан президенти Жо Байдендин Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетүү чечимин коргоду. Анын айтымында, бул кадам оң бааланган. Салливан интервьюсунда: "президент Байден үч жыл мурун кабыл алган стратегиялык чечимге тарых жакшы баа берди жана...

error: