Кыргыз Республикасынын ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын подполковниги Э.Жакыпов катышуусунда болуп өттү, Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын башчысынын орун басары милициянын капитаны Б.Мурсалиев жана милициянын подполковниги К.Дуйшеев жана ЖКК бөлүмчөлөрүнүн башчылары офицердик курам катышуусунда 2024-жылдын ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгаруу, жол кырсыктарынын алдын алуу жана...
Таш-Көмүрдө дайынсыз жаранды издөө улантылууда
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын дайынсыз болуп жаткан тургунун издөө иштерине бүгүн, 11-январда жалпысынан 57 адам, 4 дрон тартылды.Анын ичинен ӨКМден жалпы 36 куткаруучу, 15 милиционер жана жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылды.Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган М.Д. аттуу тургуну Сүттү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз...
Автобустардагы «Контролдук талону жок жүргүнчүлөр»: борбордо рейд жүрүп жатат
Борбор калаанын коомдук транспортунда жол кире акысын төлөөдөн качкан шаар тургундарын аныктоо боюнча рейддер уланып жатат.Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы автобустардагы жүргүнчүлөрдөн накталай төлөм үчүн берилген талондордун жана накталай эмес жол менен төлөнгөндүгүн ырастаган төлөм кагаздарынын бар-жогун текшерди.Көпчүлүк жүргүнчүлөр акысын накталай төлөшкөнү менен, талон албай коюшууда. Мындан улам жүргүнчүлөргө билет...
Кыргызстанда 2024- жылы 1,2 миңден ашуун этникалык кыргыз кайрылман статусун алды
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери Кыргызстандын аймагына 70 миңден ашуун этникалык кыргыздар көчүрүлгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.Көчүрүлгөндөрдүн жалпы санынан 65 миң адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышкан.Кайрылман макамын УКМКнын, Ички иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Калкты каттоо...
Бүгүнкү күндө 20дан ашык өлкөдө Кыргызстандын 199 диаспоралык уюму бар
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө кыргызстандыктардын 199 диаспоралык уюму 20дан ашык өлкөдө жашайт.Диаспоралардын эң көп саны КМШ өлкөлөрүндө – 135:Европа өлкөлөрүндө 37 диаспора иштейт, Түркияда – 7, Германияда- 10, Италияда – 9, Улуу Британияда-2, Чехияда, Нидерландыда, Бельгияда жана Бенилюкс өлкөлөрүндө, бирөө Австрияда, Францияда, Литвада, Словакияда жана...
Салык кызматы 2024-жылы 228,2 млрд сом салык жана төлөмдөрдү чогултту
Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджетке 228 млрд 277,1 млн сом салыктарды жана төлөмдөрдү чогултту.Белгиленген план 4 млрд 368 млн сомго ашыгы менен аткарылды (аткаруу 102%).2023-жылга салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 43 млрд 260,6 млн сомго өстү же өсүү темпи 123% ды түздү.Чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 74 млрд 82,7 млн...
Президенттин Администрациясында суверендүү кредиттик рейтинг ыйгаруу маселеси каралды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасына суверендүү кредиттик рейтинг ыйгаруу маселеси талкууланды.\Министрлер Кабинетинин Төрагасы эл аралык капитал рынокторуна чыгуу аркылуу инвестицияларды тартуу үчүн кредиттик рейтинг индикаторунун маанилүүлүгүн жана жогорку ролун белгиледи.Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн кредиттик рейтингин алууга багытталган пландалган этаптар...
КФБ «Кыргызалтын» футбол клубунун өкүлдөрүн кабыл алды
9-январда Кыргыз футбол биримдиги «Кыргызалтын» клубунун өкүлдөрүнө тааныштыруу жолугушуусун өткөрдү. Иш-чаранын алкагында клубдун жетекчилери жана кызматкерлери КФБ академиясынын инфраструктурасы менен: мейманкана комплекси, спорт комплекси, машыгуу залы жана футбол талааларынын жана КФБнын административдик кеңсесин көрүп чыгышты. Ошондой эле, Кыргыз футбол биримдигинин карамагында иш алып барган профессионалдык футбол лигасы, балдар жана кыз-келиндер...
Жалал-Абад: Жоголгон жаранды издөө иштерине 54 адам тартылды
Бүгүн, 10-январда 46 жаштагы таш-көмүрдүк жаранды издөө иштерине ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник А.Закировдун жетекчилигинде жалпы 54 адам, 4 дрон тартылды. Спутник байланыш колдонууда.Издөө иштерине катышып жаткандардын 33ү ӨКМдин куткаруучулары, 15 ИИМдин кызматкерлери жана туугандарынан 6 адам тартылды.Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Таш-Көмүр шаарынын тургуну М.Д. (1978-ж.т.) Сүттү-Булак жайлоосуна...
Шакиев парламенттин аппараты менен жыйын өткөрдү
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 10-январда парламенттин аппаратынын жетекчилери, бөлүмдөрдүн, ошондой эле фракциялардын катчылыктарынын башчылары жана алардын орун басарлары менен жыйын өткөрдү. Бул утуралуу парламенттен кабарлашты. Жыйынга төраганын орун басарлары Нурбек Сыдыгалиев менен Нурланбек Азыгалиев да катышты.Алгач төрага Нурланбек Шакиев өткөн жылы жасалган иштерге учкай токтолду “Мамлекеттин өнүгүшү парламенттин ишине түздөн-түз...
Президент Абхазия менен Армениянын унааларын мыйзамдаштыруу жөнүндө жарлыкка кол койду
Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, кыймылдуу мүлктү сатып алуу процессинин ачыктыгын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик каттоо белгилери бар автотранспорт каражаттарынын ак ниеттүү ээлери үчүн анын сакталышына кепилдик берүүнү камсыз кылуу, жогоруда көрсөтүлгөн мүлктү легалдаштыруу боюнча чечим кабыл алуу, жеке жактар тарабынан алар колдонгон автотранспорт каражаттарын ыктыярдуу каттоо жолу...
Жолдогу коопсуздук чараларын күчөтүү: министр Сыргабаев ЖКККББнын жетекчилиги менен жолукту
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгы (ЖККББ) кызматташтыкты талкуулган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Иш-чарага иранспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчиси Жеңишбек Жоробеков катышты.Жыйында жолдогу коопсуздук чараларын күчөтүү, кырсыктарды алдын...