Бишкек – Ош унаа жолунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу бүгүн, 9-январда Токтогул районунун “Арал” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 17:20дан тартып убактылуу чектөө киргизилди.№23 ЖТИнин сунушу боюнча кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында жабылган унаа жолдо абал жакшырган учурда...
Asman Airlines авиакомпаниясынын учагы Ош – Каракол багыты боюнча алгачкы каттамын аткарды
Бүгүн, 9-январда Ош — Каракол багыты боюнча "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясынын учагы алгачкы каттамын ийгиликтүү аткарды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти. Оштон Караколго эми болгону 1 саат 20 мүнөттө жетүүгө болот. Учуулар аптасына эки жолу аткарылат — бейшемби жана жекшемби күндөрү. Билет баасы 4100 сомдон башталат, аны Asman Airlines мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алса...
“Ала-Тоо” Эл аралык университети башка ЖОЖдордон которуулар башталганын жарыялайт
2025-жылдын 8-январынан баштап “Ала-Тоо” Эл аралык университети башка ЖОЖдордон которуулар башталганын жарыялайт. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин которуу, окуудан чыгаруу жана калыбына келтирүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык студент 1-курсту аяктагандан кийин жана 3-курстун 2-семестринен кечиктирбестен которула алат, анткени окуунун биринчи жана акыркы курстарында которууга тыюу салынат. Которууда студенттин англис тилинин деңгээли...
Статком мындан ары жеке маалыматтар жөнүндө суранычтарды бербейт
Улуттук статистика комитети расмий статистика колдонуучуларын 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган маанилүү өзгөртүүлөр жөнүндө кабарлайт.Бул өзгөртүүлөр Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистри (СББМР) маалымат базасындагы юридикалык жактар, жеке ишкерлер жана дыйкан (фермер) чарбаларга тиешелүү.2025-жылдан тарта кандай өзгөртүүлөр күчүнө кирет?«Расмий статистика жөнүндө» мыйзамдын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тарта Улутстатком тарабынан...
2025-жылы борбор калаанын гүлзарларында канча гүл отургузулат?
«Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын №1 күнөсканасында бир жылдык гүлдөрдүн биринчи себүү иштери жүргүзүлдү.Биринчи партия бир жылдык гүлдөрдүн 370 миңге жакын уругунан турган, алардан жакында өнүп чыгат. Кийинчерээк ишкананын кызматкерлери аларды чөйчөккө салып беришет. Эрежеси боюнча бул ачык жерге отургузуу тамыр системасына зыян келтирбөө үчүн маанилүү.Андан ары гүлдөр «Бишкекжашылкурулуш» МИнын адистеринин көзөмөлүндө...
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды – жеңүүчүлөр
Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 9-январда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды.Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 186 спортчу катышты.Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.Биринчи күндүн жыйынтыгы: 55 кг 1-орун Улан Муратбек уулу; 2-орун Нурболот Бердигулов;...
Эмгек министри: Ишке орноштуруу жана миграция инфраструктурасын өнүктүрүү-жарандардын ийгилигинин өбөлгөсү
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров 9-январда министрликке караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. Борбор консультациялык колдоо көрсөтөт жана жарандарды өлкөдөн тышкары жумушка орноштурууга көмөктөшөт.Сапардын жүрүшүндө министр 2025-жылы күчүнө кирген Россиянын миграциялык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жөнүндө жарандарга өз убагында маалымдоонун маанилүүлүгүн...
Беларуста YouTube тармагы бөгөттөлүүдө
Беларуста YouTube тармагы бөгөттөлүүдө. Популярдуу болгон видеохостинг бүтүндөй өлкө боюнча VPNсиз жеткиликтүү болбой жаткандыгын жергиликтүү ЖМКлар жазууда. Өлкөдө ошондой эле VPNсиз Telegram жана башка кызматтар да жеткиликтүү эмес. Ал арада беларуссиялык интернет-провайдерлер "пландык иштер" жүргүзүлүп жаткандыгын айтышууда. Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
Жаратылыш министрлигинин аймактык башкармалыктарга автоунаалар тапшырылды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техниалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл, Чүй, Баткен, Нарын, Талас регионалдык башкармылыктарына LADA NIVA LEGEND үлгүсүндөгү автоунаалар тапшырылды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.Унаалардын ачкычын министр Медер Машиев тапшырган. Автоунааларды ташырып жатып министр аталган материалдык-колдоо регионалдык башкармалыктардын ишин алдыга жылдырууга чоң колдоо болоорун- белгилеп, айлана-чөйрөнү коргоодо жана ыкчам чараларды аткарууга шарттар мындан...
Кыргызстанда эчки жана жылкы баккан мыкты фермерлер аныкталды
Айыл чарба министрлиги Кыргызстандагы эчки жана жылкы баккан мыкты фермерлерди аныктады. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, тыбыт- кашемир багытындагы эчки баккан фермер Сабыр Тойгонбаев.Сабыр мырза 1 баш эчкиден 250 грамм жогорку сапаттагы тыбыт алып, кирешесин арттырып келүүдө. Сабыр мырза 2017-жылдан бери тыбыт багытындагы эчки багып келет, орто эсеп менен 100 баш эчкиден 135 баш...
Кыргызстанда былтыр дээрлик 73 миңге жаранга пенсия дайындалып чектелди
Социалдык фонду 2024-жылдын январь-декабрь айларында 72 миң 842 жаранга пенсия чектеди.Фонддон кабарлашкандай, ошонун ичинде 2024-жылы декабрь айында 9784 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 2713 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди. Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
Ак-Талаада 36 түп каражыгачтын мыйзамсыз кыйылгандыгы аныкталды
Ак-Талаа районунда мыйзамсыз дарак кыюу аныкталды, деп билдирет Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы. Маалыматка ылайык, аталган кызматтын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору 8-январда атайын рейд жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө Байгончок айылынын башчысы тарабынан уруксатсыз 36 түп каражыгачтын кыйылгандыгы аныкталды.Бул факт боюнча жеринде акт түзүлүп, кылмыштуу аракеттердин эсеби чыгарылып, келтирилген зыянга суммасы 54804,54...