Свердлов райондук администрациясы Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жана райондук ички иштер башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте рейддик иш-чараларды өткөрдү. Рейд учурунда коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салуу талабын бузган, тамактануучу жана көңүл ачуучу жайлар текшерилди. Жалпысынан 30 объект текшерилип, 4 протокол түзүлүп, 12 санитардык көрсөтмө берилди. «Balagan», «Sarya», «Grammy»...
Караколду Борбор Азиянын шыктуу саякат борбору деп атады
Америкалык Condé Nast Traveller туристтик журналы Каракол шаарын Борбор Азиянын чыныгы шыктуу саякат борбору деп атады. Бул тууралуу КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан кабарлашты.Condé Nast Traveller 1987-жылдан бери чыгарылып келет жана дүйнөдөгү эң атактуу жана абройлуу туристтик басылмалардын бири. Журнал «туристтерин Кураны » деп эсептелет жана анын сунуштары көбүнчө саякат багыттарын тандоого...
ЖКККББ: Жол жээгинде туура эмес токтотулган унаалар тазаланууда
ЖКККББнын Бишкек шаардык кайгуул кызматкерлери “ЦУМ”, “ГУМ”, “Bishkek Park” өңдүү соода борборунун алдында жана көчөлөрдүн жээктеринде туура эмес жерлерге токтотуп койгон унааларды тазалап, тийиштүү айып пулдарды салышууда.Акыркы бир жуманын ичинде Бишкек шаарынын аймагында 4025 туура эмес жерлерге токтотуп койгон унааларга 1000 сомдон айып салынып, ээси жок унаалар айып короо жайына...
Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 батир мамлекеттин кирешесине алынды
КР УКМК тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында Бишкек шаарынын "Ак-Өргө" конушундагы Ахунбаев жана Ашар көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 батир мамлекеттин кирешесине алынды.УКМКдан кабарлашкандай, 20 сотых жер тилкесин мыйзамсыз алуу фактысы аныкталып, учурда ал жерге социалдык, маданий-тиричилик объектилери, жер астындагы унаа токтоочу...
Кыргызстанда кулпунай өстүрүүдөгү чемпион аныкталды
Кыргызстанда кулпунай өстүрүүдөгү чемпион аныкталды. Ал фермер Нурбек Отогонов экендигин Айыл чарба министрлигинен кабарлашты. Ведомствонун маалыматына караганда, Нурбек мырза 1 гектар жерден 37 тонна кулпунайдын түшүмүн алып, кирешесин арттырган. Ал эми багбан Уланбек уулу Нурсултан интенсивдүү ыкма менен алма өстүрүп, 1 гектардагы 2 миң түп алма багынан 25-30 тонна түшүм жыйнаган.Сиз дагы...
Сасык тумоонун алдын алуу жана ОРВИ-саламаттыкты сактоо министрлигинин инфекциядан кантип сактануу боюнча кеңештери
Грипп, КРВИ жана сасык тумоо сыяктуу оорулардын жайылышын алдын алуу үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керек: Инфекция жуккан учурда, биринчи кезекте жашаган жериңиздеги үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз. Булак: сайт https://caravan-info.kg/ Котормо котормочунун жардамы менен алдын ала
Жалпы 75 миң сом айып салынды. Ошто аңчылык эрежелеринин сакталуусу текшерилди
Ош облусунда аңчылык эрежелеринин сакталуусу жана браконьерликти алдын алуу боюнча эс алуу күндөрү рейд жүрдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан кабарлашты.Маалыматка ылайык, 6-январда Кара-Суу районунун Кызыл-Суу жана Өзгөн районунун Мажунус участкаларында атайын текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Рейддин жүрүшүндө Кыргызстандын аймагында аңчылык кылуу эрежелери жөнүндөгү 143-токтомунун 31-45-пункттарын бузган 6 жаран...
ФИФАнын калыстар тизмеси жаңыланды
ФИФАнын калыстар тизмеси жаңыланып, тиешелүү лицензиялар тапшырылды. Быйыл ФИФАнын категориясын он алты ата-мекендик калыс жана калыс жардамчылары алды.Анын алтысы футбол калысы, сегизи калыс жардамчсы жана экөөсү футзал калысы. Футбол боюнча ФИФА калыстары: 1. Абдыкадыров Нурзатбек (Чуй) 2. Абдылдаев Дайырбек (Бишкек) 3. Алимов Зайнидин (Ош) 4. Бернацкая Вероника (Бишкек) 5. Тайчиев Медербек...
Сасык тумоо жана КРВИ: Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу
Президенттин администрациясында министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу. Курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) менен 4245 адам, сасык тумоо менен 16 адам катталган.Байсалов мектептер менен...
Лейлекте оор жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү жарылып, айдоочусу каза болду
Лейлекте оор жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү жарылып, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук милциясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.Каргашалуу окуя 8-январда Раззаков - Ош автоунаа жолунун 330-чакырымында катталган. "Жалал-Абад шаарынын 42 жаштагы тургуну С.Э. өзү башкарып бараткан DAF үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаасын токтотуп коюп, арткы сол жак дөңгөлөгүн текшергени алдына барган учурда...
Ноокен районунда жаңы вакцина сактоочу кампа ишке киргизилди
Ноокен районунда жаңы заманбап вакцина сактоочу кампа ишке киргизилди, деп билдирет Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.Маалыматка ылайык, жаңы кампа вакциналарды +2°Cден +8°Cге чейинки оптималдуу температурада сактоону камсыздайт.Вакциналар облустук кампадан жеткирилип, район ичиндеги медициналык мекемелерге таркатылып турат.бул долбоор Ноокен райондук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашып, жалпы 3 млн. 923...
Бишкекте кар жаап, суук түшөт: шаардык кызматтардын иши күчөтүлдү
Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу шаардык кызматтардын нөөмөтү күчөтүлдү, деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.Эгерде сиздерде кандайдыр бир суроолор жаралса, төмөнкү номерлер аркылуу шаардык кызматтарга кайрылсаңыздар болот. Ысык суу жана жылуулук боюнча “Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасынын абоненттери үчүн байланыш номерлери: •Колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 1980, 0557 611166, 0777 611166, 0701 611166;...