Январь 2025 – 14 барак – ИА Караван Инфо

Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курамасы CAFA турнирине катышат

Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер улуттук курама командасы CAFA Women’s Futsal Championship 2025 мелдешине катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Турнир 7-17 февраль күндөрү Тажикистандын Дүйшөмбү шаарында өтөт.Аталган мелдеште биздин курама Иран, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан курамалары менен ойномокчу. Белгилей кетсек, мелдешке ийгиликтүү даярдык көрүү максатында команда 30-январдан, 5-февралга чейин окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт....

Ата-мекендик калыстар корпусу жаңы оюн сезонуна даярдыктарды көрүүдө

Ата-мекендик калыстар корпусу жаңы оюн сезонуна даярдыктарды көрүүдө. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Калыстар теориялык жактан жана фитнес боюнча атайын тест тапшырышты. Ал калыс жана калыс жардамчылардын теориялык билимин жана физикалык даярдык деңгээлин текшерип, жаңы футбол сезонунун алдында окуу-машыгуу жыйын өткөрүү үчүн орун алды.Тест алгач өлкөнүн түштүк тарабында өткөрүлүп ага...

Канат Садыков тажикстандык клубу менен келишим түздү

Кыргызстандын жаштар курама командасынын оюнчусу Канат Садыков Тажикстандын «Истаравшан» клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу КРнын Футзал ассоциациясынан кабарлашты.Клуб Тажикстандын Суперлигасында ойнойт.Эске салсак, сезондун биринчи бөлүгүн Канат Садыков Кытайдын «TSINGTAO» командасынын курамында өткөргөн. Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

Кыргыз футбол биримдигинин адиси Дубайда эл аралык семинарга катышууда

Ушул жылдын 29-январына чейин Дубайда улуттук ассоциациялардын машыктыруучулук билим берүү боюнча адистери үчүн эл аралык семинар өтүүдө. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашты. Иш-чарага 15 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, машыктыруучулук билим берүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо жана өнүктүрүү стратегияларын иштеп чыгуу боюнча семинар өтүлүүдө.Кыргызстандан бул семинарга Кыргыз футбол биримдигинин Техникалык бөлүмүнүн адиси Нурсултан...

Бишкектеги “Дельфин” бассейни капиталдык оңдоодон кийин ачылды

"Дельфин" олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.Кыска убакыттын ичинде дубалдар жаңыртылып, жер төлөдөгү түтүктөр алмаштырылды, жаңы электр зымдары орнотулуп, жарыктандыруу жана шып толугу менен жаңыланды. Айрыкча полдорго өзгөчө көңүл бурулду: ар бир зонага ылайык паркет, линолеум жана керамикалык плиткалар төшөлдү. Ошондой эле спортчулар үчүн машыгуудан кийин маанилүү...

Айсулуу Тыныбекова Азиянын мыкты балбаны деп табылды

Азиянын спорттук күрөш федерациясы (UWW Asia) Айсулуу Тыныбекованы 2024-жылы кыз-келиндердин арасында Азиядагы эң мыкты балбаны деп атады. Былтыр Айсулуу Азиянын чемпиону болуп, Париждеги жайкы Олимп оюндарында коло байге ээси жана үч рейтингдин турнирде жеңишке жеткен.Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандагы эң титулдуу спортчулардын сап башында турат. Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

Быйыл Баткен облусунда үч стадиондун курулушу башталат

2025-жылы Баткен облусунда үч стадиондун курулушу башталат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков жана КФБнын президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов иш сапары менен Баткен облусуна барды.Анын алкагында алгач жаңы дайындалган президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шаменов Айбек Асанович менен жолугушту.Эске салсак, президенттин «2024—2034-жылдарга...

Бишкекте жаштар арасында футзал боюнча шаар биринчилиги өтүүдө

2024-жылдын ноябрынан 2025-жылдын январына чейин Бишкек шаарында жаштар арасында футзал боюнча шаар биринчилиги өтөт.Мэриядан кабарлашкандай, мелдеш үч жаш категориясы боюнча өткөрүлөт: 2008-2009 (U-17), 2010-2011 (U-15) жана 2012-2013 (U-13) жылы туулгандар арасында.Беттештер «Виват» футбол стадионунда өтүүдө. 25-январда 2012-2013-жылы туулган (U-13) балдар арасында оюндар өтүп, жеңүүчүлөр сыйланышты. 26-январда 2008-2009-жылкы (U-17) категориясында беттештер...

Бишкек жана Сокулуктун мугалимдерине насаатчылык колдоо башталды

"Менин насаатчым" программасынын алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин, Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери жана мугалимдер арасынан тандалып алынган насаатчы-машыктыруучулар үчүн эки күндүк тренинг өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмүнөн билдиришти.Иш чаранын негизги максаты – "Менин насаатчым" программасынын туруктуулугун камсыздоо. Бул үчүн "Билим берүү...

Жала-Абад облусунун башчысы кесипке багытталган кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштурууну тапшырды

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев кесипке багытталган кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштурууну тапшырды. Бул багытта ал облустун 2024-жылдагы жыйынтыгы, 2025-жылга коюлган пландарды каралган коллегияда айтты.Ыйгарым укуктуу өкүл облустун социалдык-экономикалык, турсттик потенциалын жогорулатуу үчүн “Бекмамат Осмонов” атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Сузак районундагы №36 кесиптик лиейинин базасында кыска мөөнөттүү окуу курстарын...

ОшМУнун архиви тарыхый видео жана фото материалдар менен толукталды

Ош мамлекеттик университети өзүнүн тарыхый архивин жаңы, баалуу документтер менен толуктады. Ал үчүн Бишкектеги мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинен окуу жайдын 1940–1960-жылдардагы ишмердүүлүгүн чагылдырган сүрөт жана кино материалдар алынып келинди.Бул иш аракетти окуу жайдын жетекчилиги демилгелеген. Документтерди алуу үчүн тарых илимдеринин кандидаты, “Билим” лицейинин директору Нурсултан Кубанычбек уулу атайын жиберилди. Жыйынтыгында ОшМУнун фондуна...

Бишкек драма театры шаар тургундарын эки өзгөчө спектаклга чакырат

А. Умуралиев атындагы Бишкек  шаардык драма театры сиздерди февраль айында терең ойлордун жана жаркын эмоциялардын дүйнөсүнө чакырат.Театрдын сахнасында философиялык жана маданий темаларды камтыган эки өзгөчө спектакль коюлат. 1-2-февраль, 19:00 Бексултан Жакиев «Саадак какты» («Стон тетивы») (кыргыз тилиндеги тамсил) Коюшчу-режиссёр: Уланмырза Карыпбаев Кыргыз адабиятынын классиги Бексултан Жакиевдин легендарлуу чыгармасы сахнада жаңыча...

error: