Ош облусунун Ноокат районунун Он Эки Бел айын аймагынын Кеңеш айылынын жашоочуларына өрттүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында ӨКМдин Ноокат райондук өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн өздүк курамы тарабынан өрт коопсуздук эрежелерин сактоону, тилсиз жоону алдын алууну жана өрт...
Сүйүнбек Өмүрзаков “Евразия үчүн эркиндик” уюмун Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды
Бүгүн, 29-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков Австриянын "Евразия үчүн эркиндик” (FFE) уюмун Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды. “26-январда Беларусь Республикасында президенттик шайлоо өттү. Ага Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси жана Жогорку Кеңештин депутаттары байкоочу катары катышты. Бирок, Австриянын...
Баткен: Торговый базарындагы башаламандыкты жөнгө салуу иштери башталды
Кадамжай районунда жайгашкан Торговый базарында бүгүн, 29-январда башаламандыкты жөнгө салуу иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Алсак, кызыл сызык чегинен чыккан мыйзамсыз курулуштар, башаламан соода жүргүзүү, тартип, тазалык маселелери боюнча соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 2-февралга чейин соода жүргүзгөн жайларын мыйзам чегинде иретке келтирүү жагы акыркы ирет эскертилди."Ош-Баткен-Раззаков жолунун 175-чакырымында жайгашкан...
Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедов телефон аркылуу сүйлөштү
Бүгүн, 29-январда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түркмөн эки жактуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган регионалдык жана эл аралык маселелер тууралуу пикир алмашты.Экономикалык өз ара...
Кыргызстан менен ЭЖАУ авиация тармагындагы кызматташуу маселесин талкуулады
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ЭЖАУ) аймактык директору Николас Ралло менен жолукту. Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен ЭЖАУнун ортосундагы авиация тармагындагы кызматташуу маселелерин кенен сүйлөштү. Анда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын авиация тармагындагы иш-аракеттерин ЭЖАУ ар тараптуу колдоп келгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, бул багытта 2023-2024-жылдардагы ЭЖАУнун...
Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө
Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү коркунучу күтүлүүдө, деп кабарлайт ӨКМдин басма сөз кызматы. Кыргызгидромет кызматынын 2025-жылдын 30-январынан 1-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50,74-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусуна;Мырзаке – Кара-Кулжа –Алайкуу унаа жолунун 60-110-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз...
Азамат Жамангулов санариптик өнүктүрүү министринин м.а. болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Жамангулов Азамат Саадатбекович КР санариптик өнүктүрүү министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Азамат Жамангуловдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министрлер кабинетинин төрагасынын орун...
Кыргызстандын делегациясы Египет мамлекеттинин УМБсына катышты
2024-жылдын 28-январында БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин Универсалдуу мезгилдүү баяндамасынын (УМБ) 48-сессиясынын алкагында Женевадагы Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Омар Султанов Египет мамлекеттинин УМБсына катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.Элчи Египет мамлекеттинин Тышкы иштер министри Бадр Абделатти мырза жетектеген делегациясы менен жылуу саламдашып, УМБ процессине берилгендигин жогору...
Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева кызмат ордунан бошотулду
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Кутнаева Нурия Асылбековна башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Пархат Тулендыбаев ант берди
Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 29-январдагы жыйынында «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңешинин депутаты Тулендыбаев Пархат Розымович ант берди.Эскерте кетсек, ал мурдагы депутат Жеңишбек Токторбаевдин ордуна келди. Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Казакстанга барат
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, 2024-жылдын 30-31-январында жумуш сапары менен Алматы шаарына (Казакстан Республикасы) барат. Жумуш сапарынын алкагында минкаб башчысы Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.Ошондой эле жыл сайын өтүүчү "Digital Almaty 2025" санариптик форумунда сөз сүйлөйт.Мындан тышкары, эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда. Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
Элчи Айбек Молдогазиев АКШнын Мамдепартаментине ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды
Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев күн мурун, 28-январда Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн АКШнын Мамлекеттик департаментинин протокол башчысы м.а. Эббигейл Джонско тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.Салтанат АКШ президентинин конок үйү - Блэр Хауста өттү.Ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн тапшыруу аземинде элчи А.Молдогазиев кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.АКШнын Мамлекеттик департаментинин протокол...