Кыргызстандын элчиси Аман Салиев Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министринин орун басары Омар Обейд Аль Шамсиге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. Маалыматка ылайык, расмий жолугушуунун алкагында министрдин орун басары Омар Обейд Аль Шамси элчини жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын ишмердүүлүгү Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы...
Бишкек – Ош унаа жолундагы кар көчкүлөр мажбурлап атып түшүрүлүүдө
Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.Маалыматка ылайык, учурда ӨКМдин алдында түзүлгөн ыкчам топтун курамы жана КР Коргоо министрлигинин артиллериялык эсеби саат 11:48ден саат 11:57ге чейин Бишкек – Ош унаа жолунун 132-чакырымында 4 снаряд атылып, баары жарылган.Натыйжада...
Жогорку Кеңеште Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу боюнча жумушчу тобунун жыйыны өттү
Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобунун кеңейтилген жыйыны өттү.Алгач жумушчу топтун жетекчиси, депутат Чингиз Айдарбеков бүгүнкү иш-чара 2024-жылдагы негизги жетишкендиктерди талкуулоого жана 2025-жылдын приоритеттерин жана стратегиялык пландарын аныктоого багытталганын...
УКМКнын академиясына кабыл алуу 27-январда башталат. Кимдер тапшыра алат?
2025-жылдын 27-январынан 27-февралына чейин ар бир шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 09:30дан 17:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Академиясына, ошондой эле Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын Академиясына кабыл алуу жүргүзүлөт.Буга байланыштуу, мекеме улуттук коопсуздук органдарынын кесипкөй кызматкерлерин даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга багытталган илимий-методикалык борбору бар...
Быйыл 31-август — КРнын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо Жалал-Абад облусунда өтөт
Президенттин тапшырмасына ылайык, быйыл 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоону Жалал-Абад облусунда өткөрүү пландаштырылган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Белгилей кетсек, минкаб башчысы бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында облусту өнүктүрүү маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө масштабдуу майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү маселелери талкууланып, программанын долбоору...
“КРдагы биологиялык коопсуздук жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.Мыйзам 2024-жылдын 18-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасында биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы укуктук ченемдерди, ошондой эле калкты жана айлана-чөйрөнү биологиялык агенттердин таасиринин жана заманбап биотехнология азыктарын...
Конституциялык сот 10 жылдын ичинде 159 чечим кабыл алган
2024-жыл Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту үчүн Конституцияда, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамда жана Жылдын иш планында аныкталган милдеттерди ишке ашырууга багытталган интенсивдүү иштер менен белгиленди. Конституциянын үстөмдүгүн камсыздоого, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого, ошондой эле эл аралык кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.Конституциялык сот өндүрүшүндөгү негизги жетишкендиктер2024-жылы Конституциялык сотко 118...
Оштун мэри экономикалык багытта иш алып барган мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жолукту
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүнЮ 24-январда экономикалык багытта иш алып барган мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдииршти. Маалыматка ылайык, анын жүрүшүндө шаар башчысы 2024-жылга карата салыктарды жыйноо боюнча салык кызматынын жана муниципалдык бюджет түзүүчү мекемелердин жетекчилеринин маалыматтарын укту.Жеңишбек Токторбаев эң негизги максат – экономикалык блокту өнүктүрүүгө, бюджеттин...
Минскте Тажикстандын КМШ төрагалыгына старт берилди
Минскте шериктештиктин уставдык жана башка органдарынын алдындагы КМШга катышкан мамлекеттердин туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Кеңешинин инаугурациялык жыйыны болуп өттү. Иш-чара Тажикстандын КМШ алдындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү, Тажикстандын Беларустагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Бахтовар Сафарзоддун төрагалыгы астында өттү. Жыйынга КМШнын Башкы катчысы, Аткаруу комитетинин өкүлдөрү, катышуучу өлкөлөрдүн элчилери жана...
ЖККУ 2025-жылы тажик-афган чек арасын бекемдөө программасын ишке ашыра баштайт
Москва, 24-январь, 2025-жыл-маалымат кербени. Жамааттык коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов 2025-жылы тажик-ооган чек арасын бекемдөө боюнча программаны ишке ашыруу башталганын жарыялады. Москвада уюмдун 2024-жылдагы ишинин жыйынтыгына арналган иш-чарада ал программа ЖККУнун жоопкерчилик аймагынын түштүк бөлүгүнүн коопсуздугун камсыз кылууга багытталган конкреттүү чараларды камтый турганын билдирди. Программа беш жылга...
Москвага каршы чабуул: Экинчи дүйнөлүк согуштун бурулуш учуру
5-декабрь 1941-жыл-Улуу Ата Мекендик согуштун баатырдык күнү. Дал ушул күнү Кызыл Армия Москванын алдында "Барбаросса" планын бузуп, вермахттын жеңилбес мифин бузуп, масштабдуу каршы чабуулду баштаган. Бул Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик Германиянын биринчи ири жеңилиши жана жеңишке карай маанилүү кадам болду. Контрчабуулдун тарыхый мааниси Москванын алдындагы контрчабуул коргонуудан чабуулга өтүүнү белгиледи....
Казакстандын Тышкы иштер министри Кытайдын жаңы элчиси менен жолугушту
23-январь 2025-жылы Казакстан Республикасынын Премьер – министринин орун басары-тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Кытай Эл Республикасынын Казакстан Республикасындагы жаңы дайындалган атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Хань Чуньлинди кабыл алды. Бул жолугушуу Казакстандын тышкы саясат мекемесинин башчысы менен Кытайдын жаңы элчиси дайындалгандан кийинки алгачкы расмий байланыш болду. Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар ар...