Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка унаа жолу кар күрткүдөн тазаланып ачылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.Маалыматка ылайык, аталган унаа жолунун 155-160-чакырым аралыктарында катуу бороондон улам кар күрткүсү пайда болуп, унаа жол убактылуу жабылган.Жерине тиешелүү техника тартылып, натыйжада жол толук тазаланып ачылып, өтө албай калган унаалар өз багыттары боюнча...
Президент Ош шаарынын мэрин алмаштырды
Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы."Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" КР Мыйзамынын 47-беренесине ылайык Токторбаев Жеңишбек Шермаматович Ош шаарынын мэри болуп дайындалды", - деп айтылат билдирүүдө. Ақпарат...
Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Уланбек Далиев кызматынан бошотулду
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев кызматынан бошотулду, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы."Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Далиев Уланбек Эшенович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат маалыматта. Ақпарат...
Коррупцияга каршы аракеттер, жол кыймылынын эрежелерин сактоо: борбордогу автобус айдоочулары менен өткөн кеңешме
2025-жылдын 21-январында Бишкек шаарында «Бишкек шаардык транспорт» МИсындагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу жана жол-жоболорду сактоо, ишкананын ишин жакшыртуу, ошондой эле айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин сактоосу боюнча кеңешме өткөрүлдү.Жыйында КР УКМК, Бишкек ШИИБдин МККБ өкүлдөрү, Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаментинин адистери, колонналардын башчылары жана автобус айдоочулары катышты.Кеңешменин жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексине...
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү
Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү кабарлайт. Жыйынга төраганын орун басарлары, фракция лидерлери, тармактык комитеттердин төрагалары жана Аппараттын жетекчилери менен бөлүм башчылары катышты.Алгач төрага Нурланбек Тургунбек уулу өлкөдө өткөрүлө турган эл аралык иш-чаралардын жана чет мамлекеттердеги иш сапарлардын...
Адылбек Касымалиев жаңы мэр Жеңишбек Токторбаевди Ош шаардык мэриясынын жамаатына тааныштырды
Ош шаардык мэриясынын коллегиясынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жаңы мэр Жеңишбек Токторбаевди мэриянын жамаатына тааныштырды.Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев шаарды өнүктүрүү жана анын социалдык-экономикалык туруктуулугун чыңдоо процессинде жетекчиликтин негизги ролун белгиледи.Ал белгилегендей, жаңы мэрдин алдында шаардын инфраструктурасын комплекстүү өнүктүрүү, жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча...
Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча айыпталган жаран Испаниядан экстрадицияланды
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин координацияланган иш-аракеттеринин жыйынтыгында жабырлануучуларга 60 млн. сомго жакын зыян келтирген, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча айыпталган Кыргызстандын жараны Испаниядан кармалып, экстрадициялоо иштери ийгиликтүү аяктады.Аталган экстрадиция Испаниянын укук коргоо органдары менен активдүү өз ара аракеттенүүнүн жана эл аралык кызматташуунун натыйжасында ишке ашырылды.Кыргыз...
Кочкордо бала бакчанын имараты жана жери мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталды
Кочкордо бала бакчанын имараты жана жери мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Нарын областынын Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн (азыркы учурда Ормон-Хан айыл өкмөтү) жана Кочкор райондук кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары өз кызмат абалдарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу менен...
Бакытбек Жетигенов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.Белгилей кетсек, Жетигенов 2022-жылдан тарта Ош шаарынын мэри кызматын аркалап келген. Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо иштери уланууда
Бишкектеги "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көчөлөрдү кардан тазалоо иштерин улантууда, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-январь, саат 8:00дө атайын 85 бирдик техника жана ишкананын кызматкерлери иштөөдө. Ошондой эле, Бишкек шаарынын көчөлөрүн кардан тазалоого 37 МАЗ базасындагы кар тазалоочу машина, 10 Шахман КЖМ (комбинацияланган жол техникасы ), 2 фронталдык жүктөгүч, 24...
1,5 миллион сомдук товарды мыйзамсыз ташып кирүү фактысы аныкталды
«Жалал-Абад» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажы мыйзамдарынын бузуу фактысы аныкталды.Бажы текшерүүсүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз ташылып келинген 5 тоннадан ашык жүк, анын ичинде автоунаа тетиктери, курулуш материалдары, химиялык заттар, азык-түлүк жана чарбалык товарлар табылган. Жүктүн жалпы баасы 1 571 970 сомду түзсө, мамлекеттик бюджетке келтирилген...
Кыргызстан жана Улуу Британия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулады
Билим берүү жана илим министрлигинде күн мурун, 22-январда министр Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты. Жолугушуунун жүрүшүндө элчи министрге VSО эл аралык ыктыярчылар уюмунун өкүлдөрүн тааныштырды. Өз кезегинде алар аталган уюмдун ишмердүүлүгү жана эл аралык аренада билим берүү тармагындагы жетишкендиктери тууралуу маалымат беришти.Талкуунун...