Январь 2025 – 52 барак – ИА Караван Инфо

“Алтын Казык” брендиндеги ноутбуктардын сапаты текшерилүүдө

Жыл жаңыргандан бери Кыргызстандын мугалимдерине арналган “Алтын Казык” брендиндеги ноутбуктардын белгиленген техникалык талаптарга шайкештиги текшерилүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Маалыатка ылайык, текшерүүнү компетенттүү адистерден куралган комиссия жүргүзүүдө."Комиссия мүчөлөрү ноутбуктарды иштетип көрүп, аларга жүктөлгөн программалык продуктулардын актуалдуулугун текшерип, техникалык талаптарга шайкештигин аныкташууда. Коюлган талаптарга жооп берген ноутбуктардын алгачкы партиясы...

Байсалов Монголиянын КРдагы элчилигинде көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Монголиянын Кыргызстандагы элчилигине барып, 2025-жылдын 17-январында 82 жашында дүйнөдөн кайткан Монголиянын биринчи президенти Пунсалмаагийн Очирбаттын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Монголия элине, ошондой эле Пунсалмаагийн Очирбаттын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Президент Очирбат...

Кадамжайда милиция алдамчылыкка шектелген жаранды издөөдө

Кадамжайда милиция алдамчылыкка шектелген жаранды издөөдө. Баткен облустук милициясынын маалыматына караганда, Кадамжай районунун Жеңиш айылындагы “Баяман баатыр” базарында Ош облусунун Кара-Суу районунун 37 жаштагы тургуну Журабек Туйчиев соода сатыкта 30 миң АКШ долларына алдап кеткендиги боюнча арыз түшөт.Бул арыз Кадамжай РИИБдин КБРне КРнын кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен катталып, бул кылмыш...

ЖКда фамилия тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган мыйзам долбоору II окууда колдоо тапты

Жогорку Кеңештин жыйынында «КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Үй-бүлө кодексине, «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамга)» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды.Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Самыйкожо, Нурланбек Тургунбек уулу, Аманкан Кенжебаев.Мыйзам долбоорун Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү Жылдыз Садырбаева тааныштырды.Ал белгилегендей, бул өзгөртүүлөрдүн негизги максаты кыргыз...

Балыкчыда катуу шамал катталып, эки адам жабыркады

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында бүгүн, 23-январда алдын ала маалымат боюнча, таңкы саат 06:22 чамасында катуу шамал катталган. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. Маалыматка ылайык, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 28-34 метрге чейин жеткен.Шамал Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын чатырын учуруп, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн терезесин сындырып, натыйжада 2 жаран жабыркаган.ӨКМден алардын абалдары туруктуу, учурда дарыгерлердин кароосунан...

Таласта 2025-жылы 3,3 миң фарфор изоляторлору айнек изоляторлорго алмаштырылат

2025-жылы март айынан октябрь айына чейин Талас электр тармактар ишканасы 35кВ аба чубалгы линияларында масштабдуу ремонт иштерин өткөрөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.Жогорку чыңалуудагы тармактар кызматы тарабынан жүргүзүлчү иш-чаралардын алкагында 3300 фарфор изоляторун айнек изоляторлорго алмаштыруу пландалууда.Ошондой эле, аба чубалгылардагы опорлордун үстүнөн текшерүү жана байланыштырык туташтырмаларды текшерүү, аба чубалгы линияларынын...

Минкаб төрагасы: Экономиканын бардык тармактарында көрсөткүчтөрдүн өсүшү байкалууда

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ош шаарынын мэриясынын коллегиясына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө муниципалитеттин 2024-жылда аткарган ишинин жыйынтыгы талкууланып, ошондой эле шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги маселелерин камтыган үстүбүздөгү жылга карата пландары, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, билим берүүнүн жана саламаттыкты сактоонун деңгээлин жогорулатууга...

Салыктардын кайсы түрлөрү бюджеттин негизги түшүүлөрүн камсыздады? МСКнын жообу

2024-жылы Мамлекеттик салык кызматы салык чогултуунун рекорддук деңгээлине жетип, өлкөнүн бюджетине 228,2 млрд сом жыйнаган.МСКдан билдиришкендей, келип түшүүлөрдүн негизги булактары төмөнкүлөр болду:– Ички товарларга КНС – 39,4 млрд сом,– ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импортко КНС – 37,9 млрд сом,– Киреше салыгы – 26,5 млрд сом,– Пайда салыгы – 20,1 млрд сом,– Алтын казуучу компаниялардын кирешелерине салык – 16,1 млрд сом,– Бирдиктүү салык – 15,08 млрд...

“Сосновка” постундагы чектөө алынып, каттам толугу менен ачылды

Бишкек–Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө 23-январда саат 13:00дө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Белгилей кетсек, 22-январда Бишкек – Ош унаа жолунун 127-чакырымында кар көчкү түшүп, тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн.Ошого байланыштуу саат 16:20дан тартып Бишкек – Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда унаалардын бардык...

Медербек Сатыев Кемин райондук сотуна барды

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев бүгүн, 23-январда Чүй облусуна болгон иш сапарын Кемин райондук сотуна баруу менен баштады. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты. Иш сапарында төраганы Жогорку соттун судьялары Кенешбек Токтомамбетов жана Айбек Молдакунов, ошондой эле төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов коштоп жүрүшөт.2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча, Кемин райондук сотунун төрайымы Нуржамал...

Ошто Ак-Буура дарыясынын нугундагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Төлөйкөн айылында Ак-Буура дарыясынын нугун буруп, мыйзамсыз курулуп калган объекттер, анын ичинде “Мөл-Булак” эс алуу жайын бузуу иштери жүргүзүлүп жатат.Буга чейин тиешелүү кызматтар тарабынан суу коругуна курулуп калган курулуштардын ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тийиштүү архитектуралык уруксат кагаздары жок экени аныкталган.Аталган жайлардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,...

1996-жылдан кийин камсыздандыруу стажын кантип калыбына келтирсе болот? Соцфонддун жообу

Социалдык фонддон 1996-жылдан кийин камсыздандыруу стажын кантип калыбына келтирсе болору тууралуу айтып беришти.1996-жылдын январынан берки мезгил үчүн камсыздандыруу стажын калыбына келтирүү максатында:Төлөмдөрдүн көлөмү: Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: