2025-жылдын 22-23-январь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөп, айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Республиканын түштүк аймактарында зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт.Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы...
«Сосновка» жана «Арал» постторуна убактылуу чектөө кирди
Жайыл районундагы "Сосновка" постунда саат 06:20дан, ал эми Токтогул районунун “Арал” постунда саат 06:30дан тартып оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. Мындай чечим Бишкек – Ош унаа жолунда жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол...
Кыргызстанда “Бизнес үчүн инновациялык чечимдер” долбоору ишке кирди
Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов 21-январда "Бизнес үчүн инновациялык чечимдер" долбоорун ишке киргизүү аземине катышты.Ведомстводон маалымдашкандай, долбоор USAIDдин колдоосу менен 2029-жылга чейин ишке ашырылат.Долбоордун максаты чакан жана орто бизнеске техникалык жардам берүү жана инновациялык "жашыл" технологияларды киргизүү жана колдонуу үчүн гранттык колдоо көрсөтүү аркылуу көмөктөшүү болуп саналат.Ошондой...
Айдоочулардын эсине! Тоолуу райондордо кар көчкү коркунучу жогору
22нен 24-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда ка р көчкү коркунучу жогору. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Алсак, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) жана 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.Андыктан унаалардын ортосундагы...
Салык салуу үчүн кыймылсыз мүлк объекттеринин ээлеринин ИННдерин тактоо
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик 2025-жылдын 27-январынан 28-мартына чейин кыймылсыз мүлк объекттеринин ээлеринин ПИН/Салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин (ИНН) киргизүү боюнча акцияны акысыз негизде өткөрөт. Бул иш-чара адилеттүү салык салууну камсыз кылуу жана менчик укуктарын коргоо максатында жүргүзүлүүдө.Бул үчүн кыймылсыз мүлк ээлери...
Кыргызстанда Германиядан келген төө бучактын жаңы сорттору сыноодон өттү
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы “Таза Жан” үрөнчүлүк чарбасынын базасында Германиядан алынып келинген жашыл төө буурчактын “Денис”, “Мендоза” жана “Ломка” жаңы сорттору сыноодон өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.Маалыматка ылайык, натыйжада “Денис”, жана “Мендоза” сорттору эргежээл (сабактын узундугу 40-45 см), ал эми “Ломка” сорту болсо сойлоочу экени аныкталды. Белгилей кетсек,...
Салык төлөөчүнүн кабинетинде салыктарды банктык карталар аркылуу төлөөгө болот
Мамлекеттик салык кызматы cabinet.salyk.kg сайтындагы Салык төлөөчүнүн кабинетинен банктык карталарды (эквайринг) колдонуу менен салык төлөө мүмкүнчүлүгүн киргизди.Эми салык төлөөчүлөр Элкарт, Visa жана MasterCard төлөм системаларынын карталарын колдонуу менен банктарга же салык органдарына барбай эле дүйнөнүн каалаган бурчунан салыктарды төлөй алышат.Эквайринг аркылуу салык төлөө үчүн Салык төлөөчүнүн кабинетинде төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:– "Салык төлөө"...
Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолуна чектөө киргизилди
Бүгүн, 22-январь, саа 11:00дөн тарта Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 60-чакырымында оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай чечим “Өтмөк” ашуусунда кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол...
ТМУнун Бажы кызматтары “Бирдиктүү терезе” принциптерин киргизүү боюнча макулдашты
Үстүбүздөгү жылдын 16-январында Азербайжандын борбору Баку шаарында Азербайжандын Мамлекеттик бажы комитетинин башчысы Шахин Багировдун төрагалыгы астында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) өлкөлөрүнүн бажы администрация башчыларынын 10-отуруму болуп өттү.Иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркия бажы кызматтарынын жетекчилери, ошондой эле ТМУ Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышты.Мындан тышкары, отурумга Грузиянын Киреше кызматынын Бажы департаментинин, БУУнун...
Данияр Амангелдиев менен Антье Граве жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун болжолдуу убактысын белгилешти
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты. Жолугушууда тараптар Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Антье Гравенин өткөн аптада болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулап, аларды ишке ашыруунун болжолдуу...
Маданият министри Алтынбек Максутов “Россия” жана “Ала-Тоо” кинотеатрларына барды
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов бүгүн, 22-январда Бишкектеги "Россия" жана "Ала-Тоо" кинотеатрларына барды. Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, алгач кинотеатрлардын учурдагы сырткы жана ички келбетине өзгөчө көңүл бурду. Эки имараттын тең маданий-тарыхый маанисин сактоо менен бирге заманбап стандарттарга жооп бериши керектигин белгиледи.""Россия" жана "Ала-Тоо" кинотеатрлары биздин борбордун...
Россиядагы кыргызстандыктарга легалдаштыруунун тартиби түшүндүрүлүүдө
Россиядагы кыргызстандыктарга легалдаштыруунун тартиби түшүндүрүлүүдө, деп кабарлайт КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 30-декабрында Россияда чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде Россия Федерациясынын аймагында мыйзамсыз жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына 2025-жылдын 1январынан 30-апрелине чейинки мезгилде өзүнүн укуктук статусун жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн берген РФ президентинин жарлыгына кол коюлган.Ушуга...