Январь 2025 – 93 барак – ИА Караван Инфо

Ноокаттын Ак-Булак айылына 37 даана видео көзөмөл орнотулду

Ноокат районунун Ак-Булак айылында 15-январда 37 даана видео көзөмөл орнотулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, видео көзөмөлдөрдү орнотуу демилгеси РИИБ тарабынан уюштурулган элдик жыйында көтөрүлүп, жергиликтүү тургундар колдоого алышкан.Эми милиция кызматкерлери жана айыл тургундары аталган айылдагы бардык кыймыл аракеттерди көзөмөлгө алып туруу мүмкүнчүлүгүнө...

Министрлик: Автоунааларда катализатордун жоктугу Бишкектин абасынын сапатын начарлатууда

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги унаалардагы катализаторлордун жетишсиздигинин борбордогу абанын сапатына тийгизген терс таасирине көңүл бурат.Министрликтин маалыматына таянсак, катализаторлор зыяндуу заттарды анча коркунучтуу эмес компоненттерге айландыруу аркылуу чыккан газдардын уулуулугун азайтууда негизги ролду ойнойт. Катализаторду алып салуу же туура эмес иштеши көмүр кычкыл газынын, көмүртек кычкылы жана...

Алмалык айылында 150 орундуу мектептин курулушу аяктады

Күн мурун, 15-январда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Алмалык айылында курулушу бүткөрүлгөн мектепти көрүп чыкты.Шаар башчысы мектеп пайдаланууга берилген соң, окуучулардын билим алуусуна, өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүн билдирди.Эки кабаттан турган мектеп өз мөөнөтүндө бүткөрүлүп, 150 окуучуга ылайыкташкан. Билим берүү мекемесинде спорт аянтчасы, кичи футбол талаасы, жыйындар залы, ашкана, откана ж.б....

Таш-Көмүр шаарынын тургуну бир айдан бери табыла элек. Издөө иштери уланууда

Таш-Көмүр шаарынын 47 жаштагы М.Д. аттуу тургуну 2024-жылдын 15-декабрынан бери дайынсыз. Издөө иштеринен азырынча майнап чыга элек. ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 15-январда издөө иштерине уланат. Ал үчүн ИИМден 3 кызматкер, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник А.Закировдун жетекчилигинде 18 куткаруучу, туугандарынан 3, жалпы 24 адам жана 1 дрон тартылды.Белгилей...

Алтын-Ордо конушундагы турак үйдөн өрт чыкты

Алдын ала маалымат боюнча, Алтын-Ордо конушундагы турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.Билдирүүгө ылайык, эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Жеринде тилсиз жоону өчүрүү жумуштары жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет. Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

Кыргызстанда 2024-жылда 1 млн жол эрежесин бузган айдоочулар аныкталган

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун, ЖКККББнын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Жоробековдун жана орун басарынын, ошондой эле ЖКККББнын жер-жерлердеги бөлүм башчыларынын катышуусунда 2024-жылдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча кеңешме өткөрүлүп, төмөнкү маселелер каралды.ЖКККББгы тарабынан 2024-жыл ичи жалпысынан 1млн. 034миң 196 жол эрежелерин бузган...

Беларус-орус чек арасынан өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын эсине

Министрлик Кыргызстандын жарандарына Беларусь Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкмөттөрүнүн ортосундагы үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары менен жарандыгы жок адамдар үчүн мурда Беларустун жана Россиянын жарандары гана кесип өтө алган беларус-орус чек арасын, анын ичинде кургактык аркылуу өтүү тартибин жөнгө салуучу тиешелүү Макулдашуунун күчүнө киргендигин маалымдайт.Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын жарандары Беларустун же Россиянын аймагына...

Владимир Шадыканов коргоо министринин орун басары болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 8-бөлүгүнө, 71-беренесине ылайык Шадыканов Владимир Жумалиевич КР коргоо министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.  Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

Нуркожо-Ата конушунда жаңы трансформатордук көмөкчордон ишке киргизилди

Күн мурун, 15-январда Нуркожо-Ата конушунда 10/0,4 кВ трансформатордук көмөкчордон ишке киргизилди, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин Талайбек Байгазиев катышты. 2024-жылдын ноябрь айында Нуркожо-Ата конушунун тургундары менен жолугушуу өткөрүлүп, анда кубаттуулугу 630 Кв/саатты түзгөн жаңы трансформатордук көмөкчордондун орнотулушу талкууланган. Бүгүнкү күндө көмөкчордон ишке киргизилип, Аламүдүн...

Ош милициясы тарабынан издөөдө жүргөн жаран Россиянын аймагында кармалды

Ош облустук милициясы тарабынан издөөдө жүргөн 1993-жылы Ноокат районунда туулган Т.Н., аттуу жаран Россия Федерациясынын аймагынан кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Ал 2016-жылдан бери КР Кылмыш-жаза кодексинин (01.10.1997 № 68 эски редакция) 155-беренесиинин (Аялды никеге турууга мажбурлоо, никеге туруу үчүн аны ала качуу же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу) негизинде козголгон...

Кыргызстанда өткөн суткада 11 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстандын аймагында өткөн суткада 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. Маалыматка ылайык, анын ичинде: Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Ошондой эле куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болду. Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

Бишкекте шаардык деңгээлде баңгизатка каршы коалиция түзүү талкууланды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин депутаттары жана жарандык активисттер менен жолугушту.Мэриядан кабарлашкандай, жолугушууда шаарда баңгизатка каршы коалиция түзүү маселеси каралды. Мындан тышкары, аталган коалицияга БШК депутаттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, коомдук ден соолукту жана коопсуздукту коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле жарандык активисттердин катышуу...

error: