Январь 2025 – 99 барак – ИА Караван Инфо

Эфиопия Бишкек – Аддис-Абеба багытындагы түз аба каттамын ачууга кызыкдар

Кыргызстандын делегациясынын Эфиопиянын Федеративдик Демократиялык Республикасына болгон иш сапарынын алкагында КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Эфиопиянын мамлекеттик тышкы иштер министри Мисгану Арга менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Асеин Исаев эфиопиялык тарапка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Эфиопиянын президенти Тайе Ацке-Селассиеге даректелген кайрылуусун...

Бишкекте өлкөнүн башкы балатысын алуу иштери башталды

Бишкекте жаңы жылдык майрамдар аяктап, Ала-Тоо аянтындагы балаты жана майрамдык жасалгалар алына баштады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Быйыл өлкөнүн негизги балатысын жасалгалоо үчүн 1,5 миллион сом каражат сарпталган.Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын долбоорунун негизинде жеке компания тарабынан аянттын аймагы көрктөндүрүлүп, ага 16,6 миллион сом сарпталган. Ошондой эле, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери үчүн...

Медер Абакиров ТИМ башчысынын орун басары болуп дайындалды

Абакиров Медер Өмүрбекович КР тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, 64 жаштагы жаран каза болду

Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Маевка айылына жетпей Белозерский көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. Маалыматка ылайык, жерине жалпы эки бөлүм тартылып, жалын саат 16:25те толугу менен өчүрүлгөн.Кырсыктан 1960-жылы туулган Т.С. аттуу эркек киши каза болду. Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

ӨКМ Дүйнөлүк банк менен 2025-2026-жылдарга кызматташуу багыттарын аныктады

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев күн мурун Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл мырза менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.Тараптар иш жүзүндөгү долбоорлорду жана 2026-жылга чейин кызматташуунун өнүгүү келечектерин талкуулашты. Анда негизгинен өрт коопсуздугу, өрт өчүрүү жабдууларын жана техникаларын жаңылоо, ошондой эле жаңы өрт өчүрүү-куткаруу бөлүктөрүн...

Пара талап кылуу жана кыйноо фактылары боюнча милиция кызматкери кармалды

Аскер прокуратурасы тарабынан  пара талап кылуу жана кыйноо фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери “С.А.Ш.” аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.Алгачкы тергөө материалдарына ылайык, Октябрь РИИБдин жооптуу кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын сентябрь...

Таласта 144 млн. сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Талас областык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2009-жылы Талас шаардык мэриясынын токтому менен борбордук базарынын ичинен 1,3 га жер тилкеси “Т.А.К.” ЖЧКнын менчигине мыйзамсыз чыгарылгандыгы аныкталып, укук белгилөөчү документтерди жокко чыгаруу жөнүндө сотко доо арыз келтирилип, соттук инстанциялардын актылары менен канааттандырылган.Талас областтык прокуратурасы тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде  144 млн 172 миң...

Нарында 46 даана трансформаторду оңдоодон өткөрүү пландалууда

"Кыргызстан УЭТ" ААКнын Нарын электр тармактары ишканасынын трансформаторлорду оңдоо цехи 2025-жылга карата өзүнүн иш планына ылайык 46 даана трансформаторду оңдоодон өткөрүүнү максат кылып жатат.Аталган цехте эскирген, бузулуп, тетиктери ысып иштешке мүмкүн болбогон жана пайдалануусунун мөөнөтү өткөн трансформаторлорду оңдоо, күйүп кеткен же алмаштырууга муктаж болгон тетиктерин алмаштыруу процесси жүргүзүлөт. Ошондой эле...

Министр: Соцконтракттын аркасында 163 миңден ашуун адамдын жашоо шарты жакшырууда

Күн мурун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Аламүдүн районундагы “социалдык контракт” программасына катышкан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө барды.КР Президенти Садыр Жапаров тарабынан 2022-жылы демилгеленген Программа жакырчылыкты жоюуга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган. Үч жылдын ичинде өлкө боюнча 35 миңден ашуун үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт...

Мамкурулуштун кызматтары эми АБ24 мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү

Мамкурулуш санариптик кызматтарды өнүктүрүү алкагында «Айыл Банк» ААКсы менен биргеликте АБ24 мобилдик тиркемесинин мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, колдонуучуларга мамлекеттик кызматтарын жеткиликтүү кылды.Эми сиз Мамкурулуштун кызматтарын үйдөн чыкпай эле, бир нече баскычта төлөй аласыз.Колдонуу тартиби өтө жөнөкөй жана түшүнүктүү:1. «Төлөмдөр жана которуулар» бөлүмүнө өтүңүз, андан соң «Төлөмдөрдү» тандаңыз.2. «Мамлекеттик кызматтар» бөлүмүнө кирип, «Мамкурулуш»...

“Каракол” тоо лыжа базасына барчу жол тынымсыз тазаланууда

“Каракол” тоо лыжа базасына барчу жол үзгүлтүксүз тазаланып, инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жумуштар “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №11 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан аткарылууда.Эске салсак, “Каракол” тоо лыжа базасынын жолу 2023-жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүлүп берилген.2024-жылы жалпы 7 чакырым...

УКМК төрагасы алты балалуу энеге 3 бөлмөлүү батир тапшырды

КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин жардам сурап кайрылган Н.Нуржанованы кабыл алды.Атайын кызматтан кабарлашкандай, 2024-жылдын 23-декабрында КР жараны Нуржанова Нурзат Нуржановнадан жардам сурап кайрылуу келип түшкөн.Аталган жаран өз кайрылуусунда 3 жаштан 13 жашка чейинки 6 баланын энеси экенин, турмуштук оор кырдаалга туш болгонун, жеке турак жайы жоктугун, балдарды тийиштүү түрдө...

error: