Февраль 2025 – 33 барак – ИА Караван Инфо

УКМКнын ардагери Куванчбек Касымов жол кырсыгында каза тапты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ардагери, запастагы полковник Куванчбек Касымов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу комитеттен билдиришти.УКМКнын жетекчилиги, Ардагерлер кеңеши жана өздүк курамы УКМКнын Баткен облусу боюнча ардагерлеринин төрагасы, запастагы полковник Касымов Куванчбек Кудайкулович 31-январда жол кырсыгында мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.Полковник К.К.Касымов 1964-жылы 1-январда...

ӨКМ эскертет! Күйүп жаткан мештерди жана жылыткычтарды кароосуз калтырбаңыз

Суук мезгилде үйдө өрт чыгуу коркунучу күчөйт. Көп учурда бул электр жабдууларын пайдалануу жана меш жылытуу эрежелерин бузуудан башталат.Күйүп жаткан мештерди жана жылыткычтарды кароосуз калтырбаңыз, аларга көзөмөлдү балдарга тапшырбаңыз. Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

Оштогу Нурматов көчөсүн ачуу боюнча иштер башталат

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 1-яевралда шаардагы А. Масалиев кең көчөсүн кыдырды.Анын жүрүшүндө шаар башчысы жарандардын көптөгөн өтүнүчтөрүнө ылайык, А.Масалиев көчөсү менен А.Шакиров көчөсүн байланыштырган Нурматов көчөсүн ачуу керектигин белгиледи. Аталган көчө №703 аскер бөлүгү тарабынан тосулүп калган.Шаар башчысы жолду ачуу боюнча иштерди баштоо зарыл экенин белгилеп, жолдун жабылышынын...

УКМК: Коррупция фактысы боюнча «жер мафиясынын» мүчөлөрү кармалды

КР УКМК коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин алкагында Чүй облусунун Москва районундагы «жер мафиясынын» ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.Садовое айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы «Д. М. Т.», Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы «А. А. К.» жана КР прокуратура органдарынын мурдагы кызматкери «У.Р.М.» менен биргеликте материалдык жактан байуу максатында Чүй облусунун...

Алматыда ЕӨАК жыйынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду. Алсак, төмөнкү документтерге кол коюлду: - ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринде уюштурулган баалуу кагаздарын илгерилетүүгө жана жайгаштырууга транс чек аралык уруксат берүү жөнүндө макулдашуу;- "Евразия экономикалык биримдигинде товарлардын электрондук соодасы жөнүндө" буйрук;- "Евразия экономикалык комиссиясынын...

ЕӨАКнын кийинки отуруму Кыргызстанда өтөт

ЕАЭБ алкагындагы интеграция тышкы кыйроонун кесепеттерин жеңилдетүүчү гана эмес, өсүү жана өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүчү маанилүү инструмент болуп калууда.  Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири курамдагы жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өзгөчө датанын...

Ошто Эсептөө палатасынын башкы инспектору $5 миң пара алып жаткан жеринен кармалды

Эсептөө палатасынын башкы мамлекеттик инспектору 5000 АКШ доллар пара алып жаткан жеринен кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.Маалыматка ылайык, УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө, 2025-жылдын 1-февралында козголгон кылмыш ишинин алкагында 5000 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылуу...

Бишкекке жаңы Isuzu автобустары келди

Бишкекке 29-январда Isuzu үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу автобустардын акыркы партиясы – 25 бирдик келди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жалпысынан шаарга заманбап, 12 метрлик, газ менен жүрүүчү 85 автобус алынып келди.Бул автобустар 90 жүргүнчүнү батыра алат, анын 24ү отургуч орундар. Ошондой эле, аба ырайынын ысык күндөрүндө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү үчүн заманбап...

Балыкчыда жаңы калкты тейлөө борбору пайдаланууга берилди

Балыкчы шаарына жаңы заманбап калкты тейлөө борбору курулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти. Курулуш иштери фонд тарабынан каржыланып, 2022-жылдын күз айларында башталган.Объектинин жалпы бүткөрүлгөн суммасы 6 млн 953 миң 100 сомду түздү."Учурда курулуш толугу менен бүткөрүлүп, колдонууга берилди. Буга чейин шаардык атайын калкты тейлөө борборунун имараты болгон эмес. Жаны имараттын салынышы...

Кыргызстандын мектептерине 30 россиялык жаш педагог жөнөтүлдү

“Евразия” автономиялык коммерциялык эмес уюму Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги жана КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Кыргызстанда “Евразиялык лицей” эл аралык билим берүү долбоорун ишке ашырууну улантып, Кыргызстандын мектептерине Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин дагы 30 россиялык жаш педагогун жиберди.Үч айдын ичинде алар профилдик предметтерди орус тилинде окутуп, класстан...

Таштандыларды белгиленбеген жерге үйүп салуу учурлары көбөйдү – буга айып каралган

Бишкек шаарынынын тургундары жана ишкердик субъектилери таштандыларды жана башка калдыктарды белгиленбеген жерге үйүп салууда, бул көрктөндүрүү эрежелерин бузууга алып келет. Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы тарабынан көп убакытка созулган таштандыларды топтоо учурлары катталды. №4 орто мектебинин кызматкерлери курулуш калдыктарын муниципалдык аймакка төгүшкөн, ал беш айдай жаткан. Мындан тышкары, №12 орто мектеп...

Оштогу тарых мугалимдери ЖРТга даярдоо боюнча окутуудан өттү

Ош шаарындагы мектептердин тарых мугалимдери олимпиадаларга жана жалпы республикалык тестке даярдоо боюнча окутуудан өтүштү. Тренинг 23-январдан 28-январга чейин ОшМУнун Тарых-юридика институтунда болду. Анда мугалимдерге жалпы тарых жана анын окутуу усулдары боюнча тереңдетилген маалыматтар берилди. Семинарды институттун Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын доценти Гүлзада Жумашова менен Кыргызстан тарыхы, археология жана этнология...

error: