Кыргыз Республикасынын жарандары визасыз бара ала турган 27 өлкө:Визасыз саякаттаңыз!Эскертүү: Бул материалдагы маалыматтар маалыматтык характерде. Тизмедеги кайсы бир өлкөнү сапарлап барууну пландап жатсаңыз, консулдук, элчилик өкүлдөрү же туризм агенттери менен кеңешиңиз. Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
Кыргызстан менен Кытай санариптик тармактагы кызматташтыкты кеңейтүүдө
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын (4–7-февраль, 2025-жыл) алкагында Санариптик өнүктүрүү министрлиги кытай тарап менен эки меморандумга кол койду.1. Улуттук өнүктүрүү жана реформалар комиссиясы менен түзүлгөн меморандум жасалма интеллект тармагында кызматташууну, анын ичинде биргелешкен изилдөөлөрдү, технологиялык алмашууну жана санариптик чечимдерди өнүктүрүүнү камтыйт.2. Улуттук маалымат башкармалыгы менен кол...
“Кыргыз Агрохолдинг” Жалал-Абад жана Ош облустарына картошканы социалдык баада жеткирүүнү уюштурду
Жалал-Абад жана Ош облустарына картошка баасын турукташтыруу жана калкты колдоо максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги “ КыргызАгрохолдинг” ишканасынын көмөгү менен Жалал-Абад жана Ош облустарына картошканы социалдык баада жеткирүүнү уюштурду.Азыркы учурда аймактарда картошканын дүң баасы 55 сомду түзсө, чекене баасы 60-70 сомго жетти. “Кыргыз Агрохолдинг”...
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы : Мамлекеттик органдардын атынан жалган маалымат таратылууда
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция Министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы : Мамлекеттик органдардын атынан жалган маалымат таратылуудаФинкөзөмөл маалымдайт: социалдык тармактарда жана интернет мейкиндигинде “Каржы рынокторун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын” атынан мамлекеттик символика жана кызмат адамдарынын сүрөттөрү колдонулган жалган маалыматтар таралууда. Ал жарнамалык билдирүүлөрдө брокерлерди...
Кочкор районундагы 20 гектар жер мамлекетке кайтарылды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгынын доосун Нарын облусунун соту канааттандырды.Соттун чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин бузуу менен чыгарылган Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 19.11.1997-жылдагы №541-буйругунун 2-пункту жараксыз деп табылды.Тактап айтканда, “Бакыт” кичи сүт-товар...
Бакыт Джиенбеков Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Джиенбеков Бакыт Муратович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин 2025-жылдын 5-февралындагы буйругу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.6-февралда Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов төраганын жаңы орун басарын жамаатка тааныштырды.Салык кызматынын башчысы жаңы орун басардын салык системасы боюнча терең түшүнүгү бар экенин...
УКМК соцтармак аркылуу массалык башаламандыкка чакырык жасаган жаранды кармады
КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 278 жана 330- беренелери боюнча "Массалык башаламандык" жана "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" деп аталган кылмыш иши боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында массалык башаламандыктарга жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө чакырыктарды байма-бай жарыялап келген "Facebook" социалдык...
Ош облусундагы жергиликтүү соттор жыл жыйынтыгын чыгарышты
Бүгүн, 2025-жылдын 6-февралында, Жогорку сотто Ош облусундагы жергиликтүү соттордун өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгаруу боюнча онлайн жыйын өттү.Онлайн форматта өткөн жыйында Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев жана анын орун басарлары жергиликтүү соттордун иштерди кароодогу сапаты боюнча маалымат берди.Жыйында маалым болгондой, Ош облусунун шаардык, райондук жана административдик соттору тарабынан жыл ичинде...
Саламаттык сактоо министрлиги 3,16 млрд сом каржылык бузуулар аныкталды
Бүгүн, 2025-жылдын 6-февралында, КР Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда аудитор Раматилаев Азамат 2023-жылдын Саламаттык сактоо министрлиги жана анын ведомстволук мекемелеринин бюджетинин аткарылышы боюнча шайкештик аудитинин жыйынтыктарын баяндады.Аудитор Саламаттык сактоо министрлиги жана анын ведомстволук мекемелеринде эмгек акы төлөө, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү, товардык материалдык баалулуктардын эсебинин толуктугун камсыздоо жана башка иштеринде олуттуу шайкеш...
Террорчуларга жана уюшкан кылмыштуу топторго мунапыс берүүгө тыюу салынды
Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында "мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоору тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча Комитеттин төрагасы Чолпон Султанбекова маалымат берди. Мыйзам долбоору менен кылмыштардын...
Ысык-Көл облусунда жаңы бала бакчанын курулушу уланууда
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында 100 орундуу заманбап бала бакчанын курулушу уланууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда, тендердик баасы 74 млн сомду түзөт.Жаңы бала бакча эки кабаттан туруп, жалпы аянты 873 чарчы метрди түзөт. Долбоордо тайпалык окуу класстары, оюн жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин кабинети, кабылдама, ошондой эле көрктөндүрүлгөн...
Бообек Ажикеев Араван-Сай дарыясынын жээгин бекемдөө иштерин көзөмөлдөдү
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Ош облусундагы эки күндүк иш сапарынын алкагында бүгүн, 6-февралда Араван районунун Маңгыт айыл аймагындагы Кесек тилкесинде Араван-Сай дарыясынын жээгин бекемдөө иштери менен таанышты.Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашырылуучу долбоордун негизинде Араван-Сай дарыясынын 800 метр аралыгын бекемдөө пландалган. Бул дарыя жээгиндеги кооптуулукту толугу менен жоюуга...