Март 12, 2025 – ИА Караван Инфо

“Интервидение” музыкалык сынагына Кыргызстандын атынан катышууга тандоо жарыяланды

“Интервидение” эл аралык музыкалык кароо сынагына Кыргыз Республикасынынын атынан катышуучуну аныктоо үчүн Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тандоо өткөрөт. Ведомствонун маалыматына караганда, тандоого катышуу үчүн өтүнмөлөр 2025-жылдын 12-мартынан тартып 24-мартына чейин (24-мартты кошуп эсептөө менен) кабыл алынат. Өтүнмөнү төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү керек: intervidenie.minculture@mail.ru. Өтүнмөнүн формасын Министрликтин расмий сайтынан алууга...

Нооруз майрамын өткөрүүгө даярдык көрүү маселеси талкууланды

Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын укук коргоо органдарынын жетекчилеринин катышуусунда Бишкек шаарында укук бузууларды алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын кеңешмеси өттү. Мэриядан кабарлашкандай, жыйында Нооруз майрамын өткөрүүгө даярдык көрүү жана башка курч маселелер талкууланды.Мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева майрамдын урматына...

ЖК Искендер Гаипкуловду БШКнын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотту

Жогорку Кеңештин жыйынында Искендер Гаипкуловду Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралды. Аталган маселе боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди. Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Искендер Гаипкуловду ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотту. Булак: https://caravan-info.kg/

Жиу-житсу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Жыйынтыгы

Бишкекте жиу-житсу боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты. Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 490 спортчу катышты. Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды. Эркектер арасында жыйынтыгы: 56 кг 1-орун Абдусомад Тынчтыкбеков;2-орун...

Туризмди өнүктүрүүнү колдооо фонду Евразиялык тоо курорттору альянсына мүчө болду

Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Евразиялык тоо курорттору альянсына мүчө болду. Кызматташтык боюнча Меморандумга Азербайжандагы Евразиялык тоо туризми форумунда Фонддун президенти Кылычбек Рысалиев тарабынан кол коюлду. Өз сөзүндө Кылычбек Рысалиев, Альянска мүчө болуу эл аралык инвестицияларды тартууга жана Кыргызстандагы тоо кластерлерин өнүктүрүү боюнча чоң долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүгө жардам...

error: