Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 мектепте психологдор жана борбордогу мектептердин социалдык педагогдору үчүн "Балдарга социалдык-психологиялык колдоо көрсөтүү боюнча биргелешкен ишмердүүлүктү камсыз кылуу боюнча өз ара аракеттенүү" деген темада семинар уюштурулду. № 69 мектебинин администрациясы жана социалдык-психологиялык кызматы жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу, балдардын коопсуздугун, өмүрүн жана ден...
Жолдошуңуздун 8-Мартка берген кайсы белеги эсиңизден чыкпайт?
Зуура Акылова, Табылды Актановдун жубайы: «Кайненемдин көзүнчө сөйкө берип ыңгайсыз кылган» – Табылды агаңар менен баш кошконума кырк жылдын жүзү болду. Экөөбүз Нарындагы М.Рыскулов атындагы театрда бир топ жыл бирге иштедик. Майрам күндөрү артисттер иштеп, майрамыбыз иш менен өтчү. Биздин доордо келиндин орду башкача эле. Элдин көзүнчө белек алып мактануу...
Ар бир күнүңүздөр кубаныч тартууласын! Президент айымдарды куттуктады
Президент Садыр Жапаров өлкө айымдарын 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: «Ардактуу асылзат апалар! Ажарлуу эже-карындаштар! Кыргызстандын кымбаттуу айымдары! Сиздерди жаз чакырган жаркын майрам – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Бул күн – аялзатынын үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо менен келечек муунду тарбиялоодогу ордун жана...
Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 74-чакырым аралыгында кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу бүгүн, 7-март күнү саат 15:00дөн тартып унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Ошондой эле аталган унаа жолдун 85-87 чакырым аралыгына жана Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымына чейинки аралыктарында...
Жаз майрамы! «Үмүт үйү» мекемесинде «Апалар ажары» сынагы өттү
«Үмүт үйү» социалдык стационардык мекемеси 8-Март – Эл аралык аялдар күнүнө карата «Апалар ажары» аттуу сынак өткөрдү. Майрамдык иш-чараны борбордун кызматкерлери жана мекеменин тургундары уюштурду. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү жана башка коноктор катышты.Чоң апалар сынакка өзгөчө дем-күч менен катышып, берилген тапшырмаларды ийгиликтүү аткарышты. Бардык катышуучулар сыйлыктар...
Элчи Садык Шер-Нияз MEDEF International уюмунун Башкы директорунун орун басары Жеральдин Лембле менен жолукту
2025-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Садык Шер-Нияз «MEDEF International» уюмунун Башкы директорунун орун басары Жеральдин Лембле менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты жандандыруу жана товар жүгүртүүнү көбөйтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле, тараптар үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында Бишкек шаарында француз ишкерлеринин...
Кыргызстан БУУда куралсыздануу жана куралды жайылтпоо тармагында эл аралык агартуу күнүн белгиледи
2025-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын БУУнун алдындагы Туруктуу Өкүлчүлүгү БУУнун куралсыздануу иштери боюнча башкармалыгы жана Корнелл университетинин Реппи атындагы тынчтык жана чыр-чатактарды изилдөө институту менен биргеликте Куралсыздануу жана жайылтпоо жаатында эл аралык агартуу күнүнө арналган иш-чара уюштурду. Иш-чарага Коста-Риканын БУУдагы Туруктуу өкүлү жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын Биринчи Комитетинин Төрагасы, Элчи Марица...
Адылбек Касымалиевдин Вьетнамга расмий сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин Вьетнам Социалисттик Республикасына расмий сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев жана Вьетнамдын Премьер-министри Фам Минь Тинь, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 6-7-марттындагы Вьетнам Социалисттик Республикасына болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча Биргелешкен Билдирүүгө кол...
Токтогул ГЭСнин №3 гидроагрегатын реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө
«Электр станциялар» ААКна караштуу Токтогул ГЭСнин №3 гидроагрегатын алмаштыруу иштеринин башталганына 13 күн болду, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, бул аралыкта жумушчу топ пландын негизинде, графикке ылайык өз ишин так аткарууда. Гидроагрегат 2025-жылдын 20-февралында эксплуатациядан чыгарылып, жабдуулардын негизги түйүндөрүн демонтаждоо жана модернизациялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Келишимдин...
Бишкектин жеңил атлеттери Казакстандагы эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү болушту
Казакстандын Усть-Каменогорск шаарында Олимпиада чемпиону Ольга Рыпакованын кубогу үчүн өткөрүлгөн V эл аралык жеңил атлетика мелдеши өттү. Мелдешке дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 100дөн ашык спортчу катышты, алардын арасында Кыргызстандык спортчулар, Бишкектеги С. Жуманазаров атындагы ӨРАБӨМдүн тарбиялануучулары да болгон.Спортчулар жогорку даярдык деңгээлин көрсөтүп, эки алтын медаль утуп, эл аралык аренада өлкөнү мыкты...
Мамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 5-мартта, кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктады. Мамлекеттик катчынын куттуктоо сөзү: “Урматтуу мекендештер! Сиздерди Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Ар бир элдин улуттук кийими – ошол элдин маданиятын, тарыхын чагылдырган укмуштуудай көрүнүш. Биздин ак калпак баштаган улуттук...
Кыргызстан менен Германиянын IT өнөктөштүгү жөнүндө маселелер талкууланды
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев 1-мартта пилотсуз унаалар үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгууга адистешкен кыргызстандык Entwicklerburg IT-компанияларынын жана Германиянын Staff-Eye GmbH өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Текебаев элчиликтин экономикалык чөйрөдөгү ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, ошондой эле Германияда да, Кыргызстанда да үстүбүздөгү жылы пландаштырылган иш-чаралар жана...