24-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу өчүрүлөт
24-сентябрда саат 09:00дөн 21:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелген:
– темир жол линиясы – Фрунзе көч — Аламүдүн суусу – Панфилов көч;
– темир жол линиясы – Матросов көч – Горький көч – Гвардейский көч- Бектенов көч. -Скрябин көч – Мавлянов көч – 7-апрель көч.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.