30 жылдан бери Кыргызстандын биология боюнча эл аралык олимпиадада бир дагы алтын медалы жок – ИА Караван Инфо
30 жылдан бери Кыргызстандын биология боюнча эл аралык олимпиадада бир дагы алтын медалы жок

Кыргызстан IBOго 1994-жылдан баштап катышып келет, бирок 2006-2007-жылдары катышкан эмес. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Кыргызстан катышуу тарыхында 1 алтын, 4 күмүш, 12 коло медаль жана 9 ардак грамота алган.

Тагыраагы,

 *1994-жылы – Рустем Иминов биринчи коло медалды,

*1996-жылы – 2 күмүш, 2 коло медаль,

*2000-жылы – бир күмүш медаль,

*2001-жылы – Нурмухаммед Усенканов алтын медаль,

*2011-жылы – бир коло медаль,

* 2012-жылы – бир ардак грамота,

*2016-жылы – 2 коло медаль, 2 ардак грамота,

*2017-жылы – бир күмүш медаль, бир ардак грамота,

*2019-2020-жылдары – 2 ардак грамота,

*2021-2022-2023-жылдары – 3 коло медаль, 2 ардак грамота,

*2024-жылы – 3 коло медаль, бир ардак грамота.

Биология боюнча дүйнөлүк олимпиада 1990-жылы 6 өлкөнүн катышуусунда башталган.

error: