46 миңден ашык ишкерлер жана коммерциялык эмес уюмдар камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жаңы тарифин колдонууну тастыкташты – ИА Караван Инфо
46 миңден ашык ишкерлер жана коммерциялык эмес уюмдар камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жаңы тарифин колдонууну тастыкташты

2024-жылдын сентябрынын башынан бери 46 миң 301 ишкерлер жана коммерциялык эмес уюмдар 12,25% өлчөмүндөгү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифин колдонууну тастыктоо жол-жобосунан ийгиликтүү өтүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан (МСК) билдиришти. 

МСК ишкерлерди жана коммерциялык эмес уюмдарды камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жаңы тарифин колдонуу үчүн бул жол-жободон өз убагында өтүүгө чакырат.

Бул үчүн cabinet.salyk.kg сайтындагы Салык төлөөчүнүн кабинетине кирип, “МСК менен кат алышуу” бөлүмүндөгү “Ишкердик субъекттер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн тарифти колдонуу жөнүндө тастыктоону (12,25%)” электрондук түрдө берүү керек.

Белгилей кетсек, кызматка мурда берилген тастыктоону жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү кошулду. Бул мурунку тарифтерге кайтууга же категорияны тууралоо менен жаңы тастыктоону тапшырууга мүмкүндүк берет. Мисалы, турак жай менчик ээлеринин шериктигине, кондоминиумдарга же кооперативдердин айрым категориялары үчүн.

error: