Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кореянын Кыргызстандагы элчилигине барып, 2024-жылдын 29-декабрында Муан аэропортунда учактын кыйрашынан улам келип чыккан адам курмандыктары менен коштолгон трагедиялуу кырсыкка байланыштуу ачылган атайын китепке көңүл айтуу сөздөрүн калтырды.
Анда Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүнүн атынан Корея Республикасынын Өкмөтүнө жана элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, курман болгондордун жакындарына жана үй-бүлөлөрүнүн аза кайгысын тең бөлүшөөрүн жазды.
Ал ошондой эле бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишине тилектештигин билдирди.
“Ушул оор күндөрдө Кыргыз Республикасы Корея Республикасынын элине чын жүрөктөн колдоо жана тилектештигин билдире”, – деп жазды МинКаб Төрагасы.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/