Адылбек Касымалиев менен Кохир Расулзода кыргыз-тажик кызматташтыгын талкуулашты – ИА Караван Инфо
Адылбек Касымалиев менен Кохир Расулзода кыргыз-тажик кызматташтыгын талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жтекчиси Адылбек Касымалиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. 

Тараптар келе жаткан Жаңы жыл менен куттукташып, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Тараптар өкмөттүк делегациялардын жолугушууларынын жыйынтыгы боюнча чек аранын калган участкаларынын долбоордук сыпаттамасы аяктаганын канааттануу менен белгилешти.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары эки элдин ортосундагы байланышты чыңдоого жардам бере турган бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө каалоолорун билдиришти.

Чек арадагы иштер аяктагандан кийин тараптар кызматташтыкты тереңдетүүгө жана эки өлкөнүн калкы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө басым жасоону көздөшүүдө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: