Адылбек Касымалиевдин Вьетнамга расмий сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду – ИА Караван Инфо
Адылбек Касымалиевдин Вьетнамга расмий сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин Вьетнам Социалисттик Республикасына расмий сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев жана Вьетнамдын Премьер-министри Фам Минь Тинь, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 6-7-марттындагы Вьетнам Социалисттик Республикасына болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча Биргелешкен Билдирүүгө кол коюшту.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын Юстиция министрлигинин ортосундагы укуктук кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык Авиация мамлекеттик агенттиги менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын Жарандык авиация башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

Булак: https://caravan-info.kg/

error: