«Айдан Фарма» заводунда дары-дармектердин алгачкы беш түрүн чыгаруу ишке киргизилди – ИА Караван Инфо
«Айдан Фарма» заводунда дары-дармектердин алгачкы беш түрүн чыгаруу ишке киргизилди

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн дары-дармектердин алгачкы беш түрүн чыгаруу ишке киргизилип жаткан ЖАК «Айдан Фарма» фармацевтикалык заводуна барды.

Өндүрүштүк линияга төмөнкү дарылар чыгарыла баштады: парацетамол (суспензия жана таблетка түрүндө); ибупрофен (суспензия түрүндө); ацетилсалицил кислотасы (таблеткалар); ацикловир (таблеткалар).

Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө көрсөтүлгөн дарылардын ар биринен 10 000 кутуга чейин чыгарууга мүмкүндүк берет.

Министр медициналык этил спиртин өндүрүү өткөн жылдын аягында башталганын белгиледи. Учурда фармацевтикалык завод мамлекеттик ооруканаларды жана «Эл Аман» дарыкана тармагына этил спиртин жеткире баштады. «Бүгүнкү күндө «Айдан Фарма» дары-дармектин беш түрүн чыгара баштады. Быйылкы жылы продукциянын ассортиментин 100 даанага чейин кеңейтүү, келечекте экспортко чыгуу пландалууда. Заводдун продукциясы сапат стандарттарына жооп берет жана өздүк наркы кыйла арзан”, – деп кошумчалады Алымкадыр Бейшеналиев.

Дары-дармектер «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы аркылуу саламаттык сактоо уюмдарына жеткирилет жана «Эл Аман» дарыкана тармагында жеткиликтүү болот. Дары-дармектердин баасы башка жергиликтүү өндүрүүчүлөргө салыштырмалуу кыйла арзан болот.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: