Айдаркендин милициясы эс алуу жайларда коомдук тартипти көзөмөлдөөдө – ИА Караван Инфо
Айдаркендин милициясы эс алуу жайларда коомдук тартипти көзөмөлдөөдө

Кадамжай РИИБдин “Р.Нийматов” атындагы Айдаркен аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Айдаркен шаарында жайгашкан Гауян эс алуу борборунда коопсуздукту камсыз кылууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, кышкы мезгилде Айдаркен шаарындагы Гауян эс алуу борборунда өлкөнүн булуң-бурчунан, кошуна өлкөлөрдөн келип эс алып кетишет.

Аталган аймакта күн сайын милиция кызматкерлери элдердин коопсуздугун, өрт коопсуздугун жана автобейбаштыктардын алдын алуу максатында жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, укук бузууларга жол берилген жок.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: