Айдоочулардын эсине! Тоолуу райондордо кар көчкү коркунучу жогору
22нен 24-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда ка р көчкү коркунучу жогору. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Алсак, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) жана 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Андыктан унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
“Ошондой эле аба ырайы тууралуу алдын ала эскертүүлөргө жана жолдордун абалына көңүл буруңуз. Кырсыкка учурасаңыз же күбө болсоңуз 112 бирдиктүү номерине чалыңыз”, – деп айтылат маалыматта.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/