Айсулуу Мамашова майыптыгы бар балдардын жеке ассистенттеринин бир катар маселелерин чечүү боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушту – ИА Караван Инфо
Айсулуу Мамашова майыптыгы бар балдардын жеке ассистенттеринин бир катар маселелерин чечүү боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 7 – февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айсулуу Мамашова Саламаттык сактоо министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Министрлер кабинетине караштуу Социалдык фонддун, майыптыгы бар балдардын жеке ассистенттеринин өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2019-2021-жылдар аралыгындагы техникалык үзгүлтүктөрдөн улам жеке ассистенттерге медициналык кызмат көрсөтүү, салык базасында жана пенсиялык фонддо эсепке алынбаган жеке ассистенттердин айлыгы тууралуу маселелер талкууланды. Жеке ассистенттер, алардын маалыматтары ММКФ базасында жоктугунан, дарылануу жана ооруканага жаткыруу үчүн медициналык кызматтардан пайдалана албай тургандыктарын, ММК полисин төлөөгө туура келерин же алынган медициналык кызматтардын толук наркын төлөөгө мажбур болорун белгилешти.

Жеке жардамчылар өз убагында пенсияга чыга албай жаткан карантин учурундагы техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу маселелер талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик органдардын өкүлдөрү белгиленген маселелерди чечүүдө өз сунуштарын айтышты. Ошондой эле, бул маселелерди чечүүнүн маанилүүлүгүн өзүнүн жетекчилигине жеткирүүгө жана жарандарга зарыл жардам көрсөтүү боюнча ишти баштоого убада беришти.

Салык кызматынын өкүлдөрү да алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык аракеттерди жана мүмкүнчүлүктөрдү жумшоону убадалашты. 

Жыйынтыгында техникалык маселелерди талкуулоо жана биргелешкен ведомстволор аралык иштерди жүргүзүү үчүн дагы бир жолугушууну белгилөө чечими кабыл алынды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: