Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушун улантууда.
Мэриядан кабарлашкандай, жер тилкесинин жалпы аянты 1,08 га. Мектепте 20 класс каралган, анын ичинде 6-башталгыч класстар 14-жогорку класстар. Ар бир класс 26-30 окуучуга ылайыкталган.
Окуу класстарынан тышкары, спорт зал, ашкана, тамактануучу жай, тиш дарылоочу бөлмө, балдар үчүн устакана, жыйындар залы каралган.
Имарат көмүр-газ менен жылытылат.
Учурда кирпич дубалдарын тургузуу жана чатырын жабуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле электр чубалгыларын монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
Курулуш иштерин “Эталон Вин Спец Строй” ЖЧКсы подряддык уюму жүргүзүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/