Ак-Суу районунда таза суу алынуучу кудук курулууда
Ак-Суу районунун Маман айылына таза суу үчүн насостук станциясы менен суу алуучу кудук курулууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, курулушка фонд 4 987 980 сом каражат бөлгөн. Бул каражатка 50 тонналык суу мунарасы, кароолчунун үйү, ажаткана жана станциянын тегерек чети курчалмакчы.
Учурда суу мунарасы орнотулуп, тегерек четин курчоо иштери жүрүүдө.
Белгилүү болгондой, Маман айылында таза суу көптөгөн жылдар бою айылдыктарга көйгөй жаратып келген. Ал эми жаны салынган суу скважинасынын ишке берилиши менен бул маселе чечилмекчи.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/