Ак-Талаа айылында жаңы мектептин курулушу аяктап калды – ИА Караван Инфо
Ак-Талаа айылында жаңы мектептин курулушу аяктап калды

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Ак-Талаа айылында 150 орунду А.Турдакунов атындагы мектептин курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттиги билдирет. 

Маалыматка ылайык, мектептин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган, тендердик баасы 85,6 млн сомду түзөт.

Долбоор боюнча 4 блоктон турган 2 кабаттуу окуу корпус, спорт зал, өтмө галерея бар. Мындан сырткары негизги класстардан башка китепкана, дарыгердин кабинети, ашкана, актовый зал каралган. Мектептин жалпы аянты 1352 чарчы метр.

Бүгүнкү күндө мектептин курулуш-монтаждоо иштери 90 пайызга бүткөрүлдү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: