Ак-Талаа районунда техникалык коопсуздук күнү өттү – ИА Караван Инфо
Ак-Талаа районунда техникалык коопсуздук күнү өттү

“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы Нарын электр тармактар ишканасынын Ак-Талаа районунда техникалык коопсуздук күнү өткөрүлүп, ИКТ кызматынын (ишенимдүүлүк жана техника коопсуздугу) кызматкерлери тарабынан окуу жана машыгуу иш-чаралары өткөрүлдү. 

Иш-чаранын негизги максаты — электр тармактарында иш алып барган кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу жана  кырсыктын алдын алуу болуп саналат. 

Ар айдын 3 – шейшемби күнү өткөрүлүүчү техникалык коопсуздук күнүнүн алкагында Ак-Талаа районунун Баетов, Чолок-Кайың жана Куртка участкаларынын бардык кызматкерлерине коопсуздук эрежелерин так сактоо жана электр тогунан жабыр тарткан адамга биринчи тез жардам көрсөтүү боюнча “Гоша” тренажердук роботто практикалык машыгуулар өткөрүлдү.

Бул иш-чаралар кызматкерлердин профессионалдык чеберчилигин жогорулатууга, жумушту коопсуз алып барууга, ошондой эле кырсыкка дуушар болгондорго так жана кыска мөөнөттө жардам көрсөтүүгө багытталган.

Техникалык коопсуздук күнү — бул электр тармактарында иштегендер үчүн маанилүү окуу жана машыгуу күндөрү болуп, жамааттын коопсуздугун сактоого чоң салым кошот.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: