Ак-Талаа районунда мыйзамсыз дарак кыюу аныкталды, деп билдирет Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы.
Маалыматка ылайык, аталган кызматтын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору 8-январда атайын рейд жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө Байгончок айылынын башчысы тарабынан уруксатсыз 36 түп каражыгачтын кыйылгандыгы аныкталды.
Бул факт боюнча жеринде акт түзүлүп, кылмыштуу аракеттердин эсеби чыгарылып, келтирилген зыянга суммасы 54804,54 сом доо коюлду.
Топтолгон материалдар Ак-Талаа райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы коомчулукту экологиялык мыйзамдарды сактоого, жаратылышты коргоого жана мыйзамсыз дарак кыйууга каршы күрөшүүгө чакырат.
Мындан ары да экологиялык мыйзам бузуу учурлары боюнча чаралар көрүлүп, мыйзамдуулукту камсыз кылуу улантылат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/