Астана, 12-февраль, 2026-жыл – Караван Инфо маалымат агенттиги . Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Греция менен Португалиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилеринин Ишеним грамоталарын кабыл алды. Антониа Катсура жана Хосе де Кастро Атаиде Амарал мамлекет башчысына ишеним грамоталарын тапшырышты.

Куттуктоо сөзүндө мамлекет башчысы Казакстан тынчтыкты сүйгөн тышкы саясатты карманарын жана эл аралык маселелерди дипломатиялык жолдор менен гана чечүүнү жактаарын белгиледи.
Мамлекет башчысы Греция менен Португалиянын жетекчилигине эң жакшы каалоолорун айтып, аларды Астанага келип кетүүгө чакырды. Аземдин аягында ал дипломаттарды миссиясынын башталышы менен куттуктап, алардын ишине ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Сүрөт: Акорда
