АКШнын Федералдык резервдик системасынын (ФРС) ачык рыноктук операциялар боюнча комитети базалык пайыздык ченди 25 базистик пунктка же 0,25% га 4,5–4,75% га чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Бул Американын экономикасын колдоого багытталган учурдагы экономикалык циклдеги экинчи төмөндөө.

ФРС белгилегендей, экономикалык активдүүлүк өсүүдө жана жумушсуздуктун деңгээли жогорулаганына карабастан, эмгек рыногу туруктуу бойдон калууда. Инфляция, 2% максаттуу көрсөткүчкө жакын болсо дагы, андан дагы бир аз ашып кетти, бул керектөө жана ишкердик иш-аракеттерин стимулдаштыруу үчүн чендин төмөндөшүн шарттайт.
Базалык чендин төмөндөшү коммерциялык банктар үчүн насыялардын наркын төмөндөтөт, бул экономиканын жалпы чен түзүмүнө таасир этет. Бизнес жана керектөөчүлөр үчүн бул кредиттер жеткиликтүү болуп, экономиканы көтөрүү менен инвестицияларды жана керектөөнү стимулдайт дегенди билдирет.
Дүйнөлүк экономика үчүн АКШнын ставкасынын төмөндөшү оң таасирин тийгизиши мүмкүн — доллардын арзандашы менен — жана тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн, айрыкча капиталдын агымына көз каранды өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн.
Сүрөт: Pixabay.com / QuinceCreative